​Өлкөдө алгачкы жолу “Комуз күнү” белгиленди

  • 5 лет мурун

Кечээ, 9- сентябрда, алгачкы жолу “Комуз күнү” белгиленди. Токтогул Сатылганов Кыргыз улуттук филармонияда майрамга музыкалык окуу жайларда билим алып жаткан жаш комузчулардан тартып, залкар комузчу, дастанчы жана ырчылар катышты.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди

Иш- чарада Президенттин, Жогорку Кеңеш төрагасынын, премьер –министринин куттуктоолору окулуп, мындан ары өлкөдө 9- сентябрь “Комуз күнү” катары салтанаттуу майрамдалаары тууралуу айтышты.

Өз кезегинде өнөр ээлерин мамлекет тарабынан колдоого алуу, музыкалык окуу жайларда билим алып жаткан жаш чеберлердин өсүп өнүгүүсүнө шарт түзүү, ошондой эле бул багытта бир катар маселелер саналып өттү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты