​«Манас» аэропортунда комуз күнү белгиленди

  • 5 лет мурун

«Манас» эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөрдүн, кызматкерлердин жана белгилүү артисттердин катышуусу менен кмуз күнүнө байланыштуу майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Бул тууралуу эл аралык аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чараны өндүрүштүк иштер боюнча башкармалыктын төрагасынын орун басары — инфраструктураны өнүктүрүү директору Абдималик Бусурманкулов ачып, комуз күнү менен куттуктады.

Аэробекеттин ички каттамдарды тейлөө залында жүргүнчүлөр арасында аспаптын тарыхы жөнүндө жана комузда кол ойнотуп күү чертүү конкурстары өткөрүлдү.

Жүргүнчүлөр конкурстарга активдүү катышып, белектерге ээ болушту.

Аталган иш-чара аэропорттун Ысык-Көл филиалындарында да белгиленди.

Бүгүн, 9-сентябрда, Кыргызстанда биринчи жолу комуз күнү белгиленип жатат.

Сүрөттөр: Аэропорттун басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты