Жээнбековго, Опумбаевге, Жунушалиевге Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишин козгоо боюнча баш прокурорго кайрылышты

  • 5 лет мурун

7-8- августтагы Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишин козгоо боюнча баш прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылуу жолдонду.

Бул тууралуу КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков фейсбук баракчасына жазды.

Алардын арызы 3307 номери менен кабыл алынды. Кайрылууга 1700 киши кол койгон.

7-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн короосунда беткапчан кишилер кирип, тынч турган чогулган кишилерге ок атканы айтылат.

Анын кесепетинен Н. Касымбеков, М.Мискенбаев, Д. Алманбетов ж.б. бир канча ондогон киши жаракат алган.

Ошондуктан бандиттик ошол топко кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси, ден соолукка оор залал келтиргендиги, 139-берене, ден соолукка жеңил жаракат келтиргендиги, 190-берене, турак жай кол тийгистиги мыйзамын бузгандыгы үчүн, 150-берене, коркунучта калтыргандыгы үчүн, 151-берене, жардам бербегендиги үчүн, 244-берене, барымтага алгандыгы үчүн кылмыш ишин козгоону өтүнөт.

Алардын айтуусунда, беткапчан кишилер кийинчерээк “Альфа” атайын түзүмүнүн аскерлери экени белгилүү болгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Орозбек Опумбаев бул операция тууралуу төрт гана киши билгенин айткан.

Ошол төрт кишиге кылмыш иши козголушу керек экени жана маалымат алуу кыйындап, уюлдук байланыш үзүлүп, “Апрель” телеканалы жабылганы айтылат.

Андан тышкары 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоодо жайыт жерлери күйүп, айыл чарбачыоыгына зыян келтирилген.

Кайрылуу ээлери эгер тиешелүү чара көрүлбөсө, эл аралык сотко арызданышарын билдиришти.

Алар Атамбаевди кармоо, аны экс-президенттик укуктан ажыратуу да мыйзамсыз деп эсептешет.

Ошондуктан УКМК башчысы Орозбек Опумбаевге, “Альфа” түзүмүнүн башчысы жана ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевге кылмыш иши козгоону, операцияны жеке өзү жетектеген Президент Сооронбай Жээнбековго чара көрүүнү жана мамлекеттик кылмыш жасагандыгы үчүн жоопко тартууну талап кылышты.

Бардык талапты аткаргандан кийин баш прокурор Өткүрбек Жамшитовду отставкага кетүүгө арыз берүүнү суранышты.

Кайрылууга 1700 киши кол койгон.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болгон. Атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 45 кишиге жетсе, кийин алардын саны 136 адамга жеткен. Атайын отряддын бир жоокери каза тапкан.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

13-августта Алмазбек Атамбаевге Жазык кодексинин «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук», «Массалык башаламандык уюштуруу», «Киши өлтүрүү», «Кылмышка аракеттенүү», «Барымтага алуу», «Куралдуу ок- дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренелери боюнча маалымдама берилген.

Кийин Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо, «Форум» ишканасы, Кой-Таштагы үйү, жер тилкелери, тоо-кен ишканаларына лицензия берүү сыяктуу бир нече айыптар коюлду. Аскер прокуратурасы 14-августта Атамбаевди оор жана өзгөчө оор кылмыштарга шектүү катары, төрт эпизод боюнч аайып койгон

7-8-августта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты