ИИМ: Сирия-Иракта машыгып келген жаран кармалды


ИИМ: Сирия-Иракта машыгып келген жаран кармалды

Ошто Сирия-Ирак аймагындагы куралдуу жаңжалдарга катышып келген жаран кармалды.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кармалган М.А. аттуу жаран 22 жашта экенин жана ал эл аралык террористтик уюмунун мүчөсү болгонун кабарлады. Анын Сирияда “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун лагеринде машыгып келгени айтылат. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда көп сандаган экстремисттик мазмундагы аудио, видео материалдар, китеп, диск, өзбек жана араб тилдериндеги баракчалар жана анын террористтик топторго катышы барын ырастаган диалогдор табылган. Мындан сырткары милиция кызматкерлери анын үйүнөн эки РГД-5 гранатасын тапкан.

Ош милициясынын маалыматында кармалган жаран Кыргызстандын аймагында тыюу салынган уюмдун идеяларын жайылтып, үгүттөп жүргөн. Өлкө түштүгүндө теракт уюштурууну пландаган. Шектүү жаран убактылуу кармоо жайына камалды. Тергөө амалдары жүрүүдө.

19-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ош облусунун Кара-Суу районунан 37 жаштагы теракт уюштурууга даярданып жүргөн эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалганын кабарлаган болчу.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты