​Абылгазиев ИИМге өз катарын карасанатай кызматкерлерден тазалоону тапшырды

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы ички иштер министрлигинин коомдук кызуу талкууну жараткан жана жарандардын адилеттүү сын-пикирлерине кабылган окуяларга байланыштуу тынчсыздануу билдирди.

“Видеобайкоо камераларынын жардамы менен көптөгөн кылмыштар аныкталып жатканын биз көрүп жатабыз. Мындай шарттар милициянын катарында карасанатай жана кесипкөй эмес, кыянаттык менен пайдаланган жана кылмыштарды жаап-жашырган айрым адистердин болушун чектейт. Алар реформаны илгерилетүүгө тоскоол болушууда, аларга катуу чаралар көрүлүшү керек” деп белгиледи Абылгазиев.

28-августта Бишкекте Ахунбаев жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанында К.Сейитбеков жана Ж.Бапышов тарабынан У.Белеков жана А.Молдожиев аттуу жарандар катуу токмоктолгон

Бул окуядан кийин Чүй облусунун шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери К.Бапышов кылмышты өз убагында аныктоого тоскоолдук кылуу максатында ал жерге барган.

Бишкек шаардык кайгуул кызматынын экипажы К.Бапышов менен сүйлөшүп алып аталган кылмышка катышкан кишилердин изин жашырган.

Бул окуя Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси жана 348-беренеси боюнча катталып, тергөө иштери УКМК Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Шектүүлөр Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков Кыргызстандын аймагынан кармалып, Бишкек шаардык ИИБдин убактылуу камак жайына камалды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты