​Бишкек ЖЭБине көмүр сентябрда келет

  • 5 лет мурун

2019-2020-жылдардагы күз-кыш жылытуу мезгили үчүн Бишкек жылуулук электр борборуна көмүр жеткирүүчүлөрдүн бири болуп «КонтактУглеПром» табылды.

Бул тууралуу «Электр станциялары» акционердик коомунун басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.

Анын айтымында, 1 027 219 008 сом бюджети менен 400 000 тонна көлөмдөгү көмүрдү жеткирүүгө тендер 29-июлда жарыяланган.

Баалоонун жыйынтыктары мамлекеттик сатып алуулар порталында 6-сентябрда жарыяланган.

Жеткирүү графиги 2020-жылдын мартына чейин эсептелген. Биринчи көлөмү сентябрда келип калат.
Бүгүнкү күнү Бишкек ЖЭБинде 80 000 тонна көмүр бар, Кара-Кече отуну жеткирилип жатат. Станциянын үзгүлтүксүз иштеши үчүн ушул көлөм жетиштүү.

ДСШ маркасындагы көмүрдү жеткирүүгө тендер ушул жумада жарыяланат. Бардыгы, күз-кыш жылытуу мезгилине Бишкек ЖЭБи үчүн 1 млн. 140 миң тонна көмүр даярдалат.
Бишкек ЖЭБи — өлкөбүздүн түндүгүндөгү электр энергиясын иштеп чыгаруучу жалгыз ири жердин бири, кыш мезгилинде күнүнө 6-7 млн.кВт/саат чейин иштеп чыгарат.
Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты