​Кыргызстанда лингвистикалык экспертиза айыптоо тараптын пайдасына чечилет

“Кыргызстанда соттор менен тергөө амалдарында акыркы эки жылда жүргүзүлгөн ар кандай гуманитардык экспертизалардын жыйынтыктарынын анализи жана пайдаланылышы иликтенип жаткан тематика боюнча илимий эмгектердин жоктугун, академиялык баа берүүлөрдүн бири-бирине дал келбестигин жана аларды чечмелөө ыкмаларынын тактыгы шек жаратары сыяктуу көп көйгөйлөрдүн бетин ачты”, — деп белгилейт Cabar.asia аналитикалык порталына жазган макаласында медиаэксперт жана “Борбордук Азиядагы тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектеби” изилдөө уюмунун программалык менеджери Инга Сикорская.

Макаланын кыскача баяндамасы:

  • Кыргызстанда акыркы жылдары ар кандай кастыкты козутуп жатат деп же экстремизмге байланыштуу гуманитардык экспертизаларга суроо-талап өстү. Сүйлөнгөн сөздү же чыр-чатактуу контентти талдоо үчүн ар кандай экспертизалар жүргүзүлөт жана алардын жыйынтыгында кастыкты козутуу бар же жок деген жыйынтык чыгарылат. Көбүнчө эксперттер мындай экспертизаларды тергөө жана сот органдарынын талабы менен жүргүзүшөт.
  • Кастыкты козутуп жатат деген адамдын кадырына жараша, анын канчалык масштабда тарарын аныктап, кылмыш ишин козгоонун мааниси бар же жок экендигин сот же тергөө органдары өзү чечет.
  • Жалпы илимий жана дициплиналар аралык изилдөөлөрдүн жана жарык көргөн усулдардын жоктугуна байланыштуу гуманитардык экспертизаларды жүргүзүүдө колдонулган инструменттердин тактыгы боюнча маселе жаралат. Талаш жараткан контентти кошумча анализдөө үчүн актоочу тарап көп учурда көз карандысыз адистерге кайрылышат, анткени, алар көбүнчө карама-каршы жыйынтык чыгарышат.
  • Соттор үчүн кайсы маселелерде эксперттерди тартуу зарылбы, кайсыларын соттор өзү эле чечсе болот, же “айыпталуучу” контентти талдоого эксперттердин катышуусунун мааниси канчалык экендигин аныктоочу атайын тесттерди жүргүзүү керек(АКШ, Франция, Германиянын тажрыйбасы) деген сыяктуу эл аралык тажрыйбаны киргизүү сунушталат.

Соттук экспертизада такталган гана усулдар менен ыкмалар колдонулуп, ачык илимий макалалар болсо эксперттердин компетенттүүлүгүн тастыктап турушу керектигине карабай, бул изилдөөлөрдүн маалыматтары менен жыйынтыктары эч жакка жарыяланбайт, академиялык коомчулукта талкууланбайт.

Экспертиза жүргүзгөн адистердин көпчүлүгүсот жана тергөө органдарынын талабы менен гана керектүү контент менен иштей баштайт. Соттун жыйынтыгы эксперттердин пикиринен көз каранды болуп турган учурда экспертизанын жыйынтыгы дагы өзгөрүп кете турган практика пайда болду.

КРнын Кылмыш кодексинин белгилүү “расалык, этникалык, улуттар аралык, диний жана региондор аралык кастыкты козутуу” деген 313-беренеси боюнча айыпталып жатканда, интернетте жана офлайн чөйрөдөгү эл алдында сүйлөнгөн сөздөрдө дайыма соттук экспертиза жүргүзүлүп, ал сөздө же аудиовизуалдык контентте кастыкты козутуу, социалдык коркунучту жаратуу бар же жоктугу аныкталат.

Эл алдында сүйлөнгөн сөздөргө мамлекеттик-соттук экспертиза жүргүзүүнүн саны Кыргызстанда 2016-жылдын ортосунда КККУ (ОДКБ)уюмуна кирген өлкөлөрдүн антиэкстремисттик мыйзамдарынын алкагында радикалдуу экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүнү күчөтүү учурунда өстү.

Булсезимтал тематикадагы карама-каршы мааниси бар эл алдында сүйлөнгөн кайсы бир сөз экстремисттик катары баалана турган практиканы киргизди.

КРнын Кылмыш кодексинин белгилүү “расалык, этникалык, улуттар аралык, диний жана региондор аралык кастыкты козутуу” 313-беренесинин белгилери КРнын “Экстремисттик аракеттерге каршы күрөшүү” мыйзамынын негизги түшүнүктөрүндө дагы чагылдырылган.Кеңири чечмеленген аракеттердин катарында расалык, улуттук (этностор аралык) же диний кастыкты козутууга, социалдык кастыкты козутууга багытталган жалпы кылмыш иштери жана эл алдында сүйлөнгөн сөздүн бир канча түрлөрү саналып чыккан.

Эл алдында сүйлөнгөн сөздөр боюнча гуманитардык экспертиза жүргүзүүнүн мааниси боюнча талкуулар 2017-жылы Президенттик шайлоодо жеңилип калып, эки жылдан бери Орусияда жүргөн президенттикке мурдагы талапкер Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келгенден бери кайра башталды.

Мурда ага Кыргызстанда эки кылмыш иши ачылган болчу, алардын бири өлкөнүн түштүк борбору Ош шаарынын “Амир-Тимур” (“Он-Адыр”) кичирайонунда электоратынын алдында сүйлөнгөн сөзүндө “улуттар аралык кастыкты козутуу” орун алган деп мамлекеттик экспертиза тапкандан кийин козголгон кылмыш иши.

Ал учурда саясатчынын жалаң этникалык өзбектерден турган элдин алдында шайлоо учурунда мыйзам бузууларга каршы турууга таштаган чакырыктары интернетте жана социалдык тармактарда ар кандай мааниде талкууланып, резонанс жаратып, айрым атуулдардын нааразычылыгын пайда кылган, ал жарандар Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз менен дагы кайрылышкан.

2017-жылдын ноябрь айында Башкы прокуратура “филологиялык-саясий экспертиза Бабановдун эл алдында сүйлөгөн сөзүндө “улуттар аралык кастыкты козутуу, азыркы бийликке баш ийбөөгө, аларды кулатууга чакырык таштоо, чагымчылдык” мааниси аныкталды деп жыйынтык чыгарды” деп билдирген.

2019-жылдын март айында Barometr.kg интернет-басылмасыфилология илимдеринин кандидаты Мимоза Нуралиевага шилтеме менен Бабановдун сүйлөгөн сөзү Кыргызстандын жана Орусиянын башка экспертизаларынан төрт жолу өткөнүн, алардын баары “улуттар аралык кастыкты козуткан эмес” деген жыйынтык чыгарганын жазган.

Бул макала жазылып жаткан учурда эксперттер кайсы усулдарга таянганы, ким изилдөө жүргүзгөнү, жыйынтыктар эмненин негизинде чыкканы жана экспертизалардын кайсынысы такталган булактарга таянганы белгисиз.

Саясий жагдайдын өзгөрүлүшү менен эксперттердин “кастыкты козуткан” деген бүтүмдөрү жокко чыгып кетет. 2017-2018-жылдар аралыгындагы эксперттердин жыйынтыгынын негизинде козголгон кылмыш иштери боюнча айрым кейстер 2018-жылы “жаңы” экспертизалардын жардамы менен башкача жыйынтыкка келген.

Мисалы, 2019-жылдын май айында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту КГУСТАнын профессору Темирбек Болотбекти актап, бул ишке чекит койду. Эске салсак, ага карата 2018-жылы “Facebook” социалдык тармагындагы “унылый совок” рашасына кете берсин” деген комментарийи үчүн кылмыш иши козголгон болчу.

Эксперт-лингвисттер социалдык тармактын колдонуучусу “улуттар аралык кастыкты козуткан, башка улуттун кадырына шек келтирген” деген бүтүм чыгарып, талаш-тартыштар узакка созулган. Анын актоочулары дагы чет элдик эксперттерге кайрылып, сотто өздөрүнүн пайдасына колдоо тапкан.

Бул жерде тергөө менен сот өзүнүн компетенциясында бул сөздү улуттар аралык кастыкты козутууга, кайсы бир этникалык же расалык топту жок кылууга чакырык жок экенин, коомго анчалык коркунуч жаратпаганын өзү эле чечип койсо болмок.

Мындай негативдүү сөздөр көбүнчө көп коркунучту жаратпайт, себеби, аны ишке ашыра албайт. Ошондуктан мындай учурда кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мааниси жок.

Сот органдары эсептелүү эле фразаны чечмелөө үчүн сөзсүз эле профессорлорду тартуу керекпи? Эксперттер деле көп учурда ачык маалыматтардагы сөздүктөргө, электрондук булактарга шилтеме менен жыйынтык чыгарышат, бул үчүн диний экспертиза сыяктуу атайын билимдин деле кереги жок.

Ушул жылдын апрель айында болсо Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон сапары учурунда Бишкектеги Орусиянын элчилигинин жанында активисттер каршылык акциясына чыгып, колдоруна кармап чыккан “Путин — агрессор”, “Бул жерде орус авиабазалары болбошу керек”, “Ысык-Көлдө Путиндин торпедолоруна орун жок” деп жазылган плакаттары боюнча лингвистикалык экспертиза жүргүзүлүп “улуттар аралык, диний жана расалык кастыкты козутууга чакырык бар” деген бүтүм чыгарган.

Активисттердин үйүн тинтүүгө алгандан кийин аларга “улуттар аралык кастыкты козуткан” деген айып тагылып, камакка алынган, кийинчерээк июнь айынын аягына чейин үй камагында болгон. Жыйынтыгында кылмыш курамы жок делип бул иш кыскарган.

Бул жылы бир катар соттук иштерден жана көз карандысыз экспертизалардын жыйынтыгынанкийин укук коргоочулар өзүнүн эмгек мигранттарынын укугун коргоо боюнча БУУнун комитетине даярдалган альтернативдүү отчетун экстремисттик материалдардын тизмесинен чыгарууга жетишти. Укук коргоочулар уюмдун отчету тыюу салынган материалдардын катарында болуп калганын 2018-жылдын март айында капысынан байкап калышкан, себеби эксперттин пикиринин негизинде бүтүм чыгарылган соттук чечим боюнча аларга эч ким маалымат берген эмес.

2016-жылдын август айында мамлекеттик филологиялык экспертиза “Бир Дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо уюму, Бельгиядагы кесиптештери менен биргеликте даярдаган Эмгек мигранттарынын укугун коргоо боюнча БУУнун комитетине берген альтернативдүү отчетун Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын бир катар материалдары менен бир катарга коюп койгон.

Алты бөлүмдүн биринин мааниси — “Кыргызстандан чыккан өзбек тектүү мигранттар – “жашыруун качкындар”, 2010-жылдагы июнь окуяларынан кийин Орусияга чыгып кеткен этникалык өзбектердин көйгөйүн көрсөттү” деген маани болчу.

Аларды экстрадициялоодогу коркунучтар, кыйноолор жана катаал мамиле жана Европалык соттун адам укуктары боюнча чечими тууралуу жазылып, тобокелдиктердин реалдуулугун далилдеген жана айрым мисалдар боюнча экстрадицияны жокко чыгарууга жетишкен.

Эксперт-лингвист 2016-жылдын 13-августундагы “альтернативдүү отчетто нейролингвистикалык программалоонун анык элементтери бар” жана мына ушул себептен КР аймагында таратууга тыюу салынышы керек” деген жыйынтык чыгарган.

Бул мисалда коомчулук менен академиялык коомчулук КРнын “Соттук-эксперттик иш жүргүзүү жөнүндөгү” мыйзамынын талабына жараша кайсы усулду колдонуп мындай бүтүмгө келишкенин, анын тактыгы, илимий бышып-жетилгендиги жана ачыктыгына түшүнбөй калышкан.

“Кыргыз коомчулугундагы социалдык-сүйлөнбөй турган тематикадагы элдин алдында сүйлөнгөн сөз же материал эч кандай негизи жок эле гуманитардык экспертизага түшүп калышы мүмкүн деген тобокелдик бар”, — дейт укук коргоочулардын суранычы менен БУУнун эмгек мигранттарынын укугун коргоо комитетине жазылган альтернативдик отчетту көз карандысыз изилдөөгө катышкан Борбордук Азиядагы тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектеби” изилдөө уюмунун эксперти Гүлбадам Гаделжанова.

Ушул жылы эле соттук териштирүүгө катышып жаткан 10дон ашык адам эл алдында сүйлөнгөн сөзгө жана видеоконтентке көз карандысыз изилдөө жүргүзүп берүүбүздү суранып биздин уюмга кайрылды. “Бул Кыргызстан үчүн көп”, — деп кошумчалайт ал. Биз мындай экспертизаларды жүргүзүү менен алектенбесек дагы кастыкты козуткан тилдин легалсыз жана дискриминациялык формаларын изилдейбиз, айрымдарга кеңештерди берип, жардам беребиз, себеби алар кыйын кырдаалга туш келип соттук эксперт-лингвисттердин бүтүмдөрүнө ишеним көрсөтүшпөйт. Тергөөдө жүргөн же айыпталып жаткан адамдардын көчүлүгүнүн тагдыры эксперттердин пикиринен көз каранды.

Тарых илимдеринин кандидаты, Көз карандысыз социалдык изилдөө борборунун илимий кызматкери Дмитрий Дубровскийдин айтымында, экспертизалар 99% учурда эч кандай жаңы маалыматты бербейт.

“Бул формалдуу эле нерсе, — деп белгилейт Дубровский. – Алар текстти эле сөздүктөрдүн жардамы менен чечмелеп, айтып беришет. Аны биз мындай деле түшүнөбүз”.

Окумуштуу Орусиянын гуманитардык экспертиза тажрыйбасын изилдеп жүрөт, Кыргызстан боюнча эксперттик изилдөө жүргүзүүгө катышкан жана ал эки өлкөдө контекст жана укукту колдонуу окшош экенин айтат.

Соттор көп учурда “айыпталуучу” контенттин өзүн көрбөйт, экспертизанын жыйынтыгына эле таянып коет. Бул нерсе сот адилеттүүлүгүнө кооптуулукту жаратат.

Дубровскийдин маалыматына караганда, Орусияда кардардын, айыптоонун, же тергөөнүн буюртмасы менен экспертиза жүргүзө турган 15 “эксперттик” уюм бар. Дээрлик бардык учурда мындай экспертизалардын жыйынтыгы айыптоочу мүнөзгө ээ болот.

Түзүлгөн кырдаал боюнча экспертиза жүргүзгөн илимий мекемени экспертизанын текстин өздөрүнүн сайттарына жайгаштырууга милдеттендирүү керек деп эсептейт окумуштуу, мындай ачыктык эксперттердин кайсы бир бөлүгү абсурддук чечимдерди өздөрүнүн атынан жарыялоого уялышат.

“Гуманитардык экспертизалардын усулдары жалпы кабыл алынган, жарыяланган жана илимий негизделген жана далилденген болушу керек” дейт ал.

Эксперттердин сотко алып келген бүтүмдөрү илимде жана сот залынан сырт жакта колдонулуп жүргөн болушу зарыл, сот дагы өзүн эксперттердин манипуляциясынан коргой турган болушу керек.

Дагы бир жол — сот үчүн атайын тест болуп саналат. Мунун негизги мааниси — “айыпталып жаткан” контентке атайын билими бар илимдин докторлорун тартуу керекпи (?) аныктап берет. Көп учурда анын кереги жок, эгерде тест жок деп жооп чыгарса, анда андан ары бул маселени эксперттерге шилтеме жасабай туруп талкуулай берсе болот.

Мындай практика АКШ, Франция, Германияда колдонулат. Ал жакта сотторго кайсы маселелерге эксперттерди тартуу зарыл, кайсыларына тартпай эле соттор өзүнүн компетенциясында чечип койсо болору тууралуу так сунуштамалар бар.

Инга Сикорская

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты