Пара үчүн камалган Кылычбек Арпачиев Беловодскидеги жатак абакка которулду

  • 5 лет мурун

Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы, камактагы Кылычбек Арпачиев 6-сентябрда Беловодскидеги №45 жатак абакка которулду.

Бул тууралуу Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Арпачиевдин иши жаңы кодекстерге ылайык кайра каралгандыктан мөөнөтү кыскарган. Жазасынын үчтөн бирин өтөгөндүктөн сот аны жатак абакка которуу жөнүндө чечим кабыл алган.

Кылычбек Арпачиев 2015-жылы паракорлукка шектелип камалган. Ал Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун ишин жабыш үчүн андан 100 миң доллар пара талап кылган деп айыпталган.

Биринчи май райондук соту Арпачиевди «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча актап, «Опузалап пара талап кылуу» беренеси боюнча 14 жылга эркинен ажыраткан. Сот муну менен катар «анын мүлкү мамлекетке чегерилсин, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөсүн, иш бөлмөсүнөн табылган 30 миң доллар мамлекетке өткөрүлсүн» деп чечкен. Бул чечимди 2016-жылы Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты