​Шашылыш билдирүү: Көпчүлүк аймактарда жаан жаашы күтүлөт

  • 5 лет мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүп жаткандыгы боюнча шашылыш билдирүү таратты.

9-сентябрда күндүз жана 10-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөйт:

9-10-сентябрда Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 6…11°, күндүз 12…17°, тоо этектеринде түнкүсүн 3…8°, күндүз 11…16°;

Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 11…16°; Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 17…22°, тоо этектеринде түнкүсүн 6…11°, күндүз 15…20°, тоолуу райондордо түнкүсүн -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, күндүз 6…11° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -2° суук…+3° жылуу болушу күтүлөт.

10-11-сентябрда Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 3…8°, күндүз 12…17° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, күндүз 6…11° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

11-12-сентябрда түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде кээ бир райондордо 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты