​Интеллектуалдык менчик: Укукту коргоо жана сактоо талкууланды

  • 5 лет мурун

Кыргызстанда 6-сентябрда интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жана сактоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин (ИММАК) тогузунчу отуруму болуп өттү.

Бул тууралуу Кыргыз патенттин басма сөз катчысы Гүлбара Кудайбердиева билдирди.

Жыйынга Армения, Беларусь, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын интеллектуалдык менчик мекеме өкүлдөрү катышты.

Маалыматка караганда ИММАК кеңешинин төрайымы болуп 2018-2019-жылдары интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) төрайымы Динара Молдошева шайланган. Эмки кезек Молдовага өткөрүлүп берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты