Кыргызстан менен БУУнун кызматташтыгы талкууланды

  • 5 лет мурун

Тышкы иштер министрлигинде 6-сентябрда министр Чыңгыз Айдарбековдун төрагалыгы астында министрликтин алдындагы тышкы саясат боюнча консультативдик кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти маалымдады. .

Кыргыз Республикасы менен бир катар чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын кызматташуу маселелери талкууланды. Министрликтин тиешелүү департаменттеринин башчылары баяндама жасашты.

Айдарбеков консультативдик кеңештин мүчөлөрүнө Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарынын 74-сессиясынын ишине катышуу үчүн кыргыз делегациясынын Нью-Йорк шаарына боло турган сапарына даярдыктын жүрүшүнөн маалымдалды,

Ошондой эле актуалдуу тышкы саясий багыттар боюнча маселелер жөнүндө сөз болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты