​Улуттук курама командага 300 миң сом, волейбол федерациясына 100 миң сом бөлүндү

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев волейбол боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү менен жолугушту.

Өкмөт башчы аларды Катманду шаарында (Непал) өткөн Борбордук зонадагы бешинчи Азия чемпионатындагы жеңиши менен куттуктады.

“Силердин жеңишиңер кыргызстандыктарды кубандырып, мамлекет үчүн бул чыныгы белек болду” деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, волейбол боюнча биздин улуттук курама азия чөлкөмүндөгү алдынкы командалардын ондугуна кирип, дүйнөлүк рейтингде 200дөн ашуун өлкөнүн арасында 64-орунда турат.

Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Андрей Анкудинов, команданын капитаны Каныбек уулу Оңолбек премьер-министрдин энчилүү сааты менен сыйланды, волейбол боюнча эл аралык категориядагы калыс Нургазы Кокчолоков ыраазычылык катын алды.

Улуттук курама командага 300 миң сомго сертификат берилип, волейбол федерациясына 100 миң сом бөлүндү.

Бул тууралуу өкмөтүн маалыматтык кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты