​Ошто Кытайдын Гуандун товарларынын көргөзмөсү ачылды

  • 5 лет мурун

Ошто Кытайдын Гуандун провинциясынын товарларынын көргөзмөсү 6-сентябрда башталып, 8-сентябрга чейин созулат.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров иш-чаранын ачылыш аземинде чет элден инвестиция тартууга, инновациялык технологиялардын тажрыйбасын киргизүүгө көңүл буруларын билдирди.

«2018-жылы Кытайдан келген түз инвестициянын көлөмү 338, 14 млн АКШ доллары болгон. Жарылуучу заттарды чыгарган завод, биметаллдык алюминий радиаторлорду чыгарган заводдун курулушу, тоголок жип жана мээлей чыгаруучу заводдун ачылышы ийгиликтүү ишке ашып жаткан долбоорлорго кирет.

Жакынкы арада бир нече ишкананын ачылышы күтүлүүдө. Бул долбоорлордун инвестицияларынын жалпы суммасы 151 млн АКШ долларын түзөт,- деди.

Гуандун провинциясынын товарларынын көргөзмөсү эми жылына эки ирет өткөрүлөт.

Көргөзмөгө эмерек, курулуш материалдары, мейманканага керектүү товарлар, электроника жана электр жабдыктары, продукциялардын миңдеген түрлөрү коюлду. Соода жүгүртүү ортомчусуз болгондуктан, көргөзмөгө коюлгандар арзан сатылууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты