​Аманбай Кайыпов жаңы кызматка дайындалды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 6-сентябрда, Аманбай Кайыпов өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалыматтык кызматы билдирди.

Аталган комитеттин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев кызматынан бошотулду

Аманбай Кайыпов бүгүн өкмөттун Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкулү кызматынан өз арызы менен бошотулган.

Буга чейин Нарын облусундагы Кенеш айылындагы контейнерден куралган мектеп коомчулукта катуу сынга алынып, Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева да отставкага кеткен.

Нарында ошондой эле Солтон-Сарыдагы алтын-кени боюнча да коомчулукта нааразылыктар күч..

Сүрөт:Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты