БУУнун Коопсуздук кеңеши Иерусалимдеги кырдаалды жабык карайт


БУУнун Коопсуздук кеңеши Иерусалимдеги кырдаалды жабык карайт

Иерусалимдеги кырдаал боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңеши Египет, Франция жана Швециянын суроосу менен 24-июлда шашылыш жыйын өткөрөт.

Бир күн мурун Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Иерусалимдеги Храм тоосунун кире беришине коюлган темир буюмдарды аныктоочу детекторду албай турганын айткан. Ал жерге көзөмөлдөөчү камералар да орнотулууда.

Муну араб мамлекеттеринин лигасы Израил «от менен ойноп жатат» деп эскертти.

Храм тоосундагы жаңы коопсуздук чаралары 14-июлда эки израилдик полициячынын өлтүрүлүшүнө жооп катары кабылданып,нааразылыктарды жараткан.

21-июлда Иерусалимде болгон кагылышууда үч палестиналык набыт болду. Ошол эле күнү Иордандын батыш жээгинде палестиналык үч тургун өлтүрүлгөн.

Иерусалимдеги Храм тоосу мусулмандар үчүн да, иудейлер үчүн да ыйык жер болуп саналат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты