​Зыяндуу боёк менен, мыйзамсыз чыгарылган окуу китептери аныкталды

  • 5 лет мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат Бишкек шаарынын билим берүү мекемелери үчүн дайындалган китептерде башка товардык белгини жана товар белгилери чыккан жердин аталышын мыйзамсыз пайдалануу фактысын аныктады.

Бишкек шаарынын окуучулары үчүн басылып чыгарылган окуу китептер адамга зыяндуу боек менен чыгарылган.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

3-сентябрда Дордой базарында тинтүү жүргүзүлүп, анда билим берүү мекемелери үчүн Москва шаарынын “Просвещение” басмаканасынын атынан дайындалган 28 аталыштагы 8000 контрафакттык көчүрмө китеп табылган.

Ыкчам-издөө иш чарасынын жүрүшүндө табылган китептердин бир бөлүгү Бишкек шаарынын жеке басмаканаларында («Аль Салам» жана «Турар» ЖЧК) чыгарылгандыгы аныкталган.

Бул факты кылмыш-жаза кодексинин 218-беренеси (товарларды, индивидуалдаштыруу каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу) боюнча кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Бишкек шаарынын билим берүү мекемелери үчүн дайындалган китептерде башка товардык белги жана товар белгилери чыккан жердин аталышын мыйзамсыз пайдаланылган факты аныкталган.

Москва шаарынын “Просвещение” басмаканасынын, Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин, Саламаттык сактоо министрлигинин дарттын алдын-алуу департаментинин жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлүнүн адистери китептерге экспертиза жүргүзулгөн.

Экспертизанын жыйынтыгында, алынган китеп үлгүлөрүндө колдонулган боек зыяндуу аралашмалардан тургандыктан окуучулар үчүн коркунучтуу деп табылды жана алынган китептер мыйзамсыз басылып чыккандыгы аныкталды.

Жасалма китептердин даярдаган уюштуруучуларды аныктоо максатында тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты