​Аманбай Кайыпов отставкага кетти

  • 5 лет мурун

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Тиешелүү буйрукка Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы белгилүү болгон.

Буга чейин Нарын облусундагы Кенеш айылындагы коомчулукта контейнерден куралган мектеп катуу сынга алынып, Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева да отставкага кеткен.

Аманбай Кайыповдун кызматтан кетишине Нарындагы Солтон-Сары алтын-кени боюнча да нааразылыктар себеп болушу мүмкүн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты