​Өкмөт улгайган адамдарга камкордук көрүү ишин карады

  • 5 лет мурун

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев улгайган адамдарга камкордук көрүү боюнча 2019-2025-жылга иш-чараларды бекитүүгө кол койду.

Геронтология жана гериатрия маселеси боюнча изилдөө жүргүзүү, активдүү карылыкты узартуу үчүн ден соолукту бекемдөөгө бардык жагынан шарт түзүү иш-чаралары каралган.

Алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо жашаган улгайган жарандарды тейлөө үчүн адистердин катышуусу менен медициналык көчмө кызмат түзүү, социалдык тейлөө маселелери камтылган.

Карылардын эс алуусун уюштуруу үчүн «Активдүү узак жашоо» фестивалын өткөрүү, улгайган жарандар да катыша тургшан волонтердук кыймылды жана өз алдынча жардам топторун уюштуруу ж.б. пландалууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты