Акаев: «Солтон-Сары кенин иштетүүгө каршы чыккандар куугунтукталууда»

  • 5 лет мурун

Солтон-Сары алтын кенин иштетүүгө каршы акцияга чыккандар куугунтукталып жатканын Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 5-сентябрдагы, жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

— Солтон-Сары боюнча нааразы болуп чыккан жаштарды куугунтуктап, маселени чечүүгө болбойт. Өкмөт аларды жерибей, үнүн, талаптарын сөзсүз угушу керек. Аларды комиссияга киргизип, маселени оң жагына чечип бериш керек, -деди ал.

Депутат атайын комиссиянын ишине өкмөт кийлигишпеши керектигин белгиледи.

«Ушу тапта Солтон-Сары алтын кениндеги абалды атайын комиссия текшерип жатат. Өкмөт анын ишине кийлигишпеши керек» деди.

Өкмөт Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык Zhong Ji Mining компаниясынын лицензиясын алуу маселесин тезинен чечиши керек экендигин кошумчалады.

5-августта Солтон-Сары кенинде Нарын районунун тургундары чогулуп, кытайлык Zhong Ji Mining компаниясынын ишин токтотууну талап кылган.

Жергиликтүү калк менен кытай компаниясынын кызматкерлеринин ортосунда чыр чыгып, алар бири-бирине таш ыргытышкан. Анын натыйжасында жабыркагандар ооруканага жаткырылган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Солтон-Сарыдагы окуя боюнча кеңешме өткөрүп, «Жергиликтүү жашоочулардын жана чет элдик жумушчулардын ортосундагы окуя ишкананын ишин токтотууга себеп болбошу керек» деп билдирди.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кытай элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушуп, Солтон-Сарыдагы окуяны талкуулады.

Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги Солтон-Сарыдагы абал боюнча билдирүү таратты.

Солтон-Сары кенине биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов барып жергиликтүү калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Солтон-Сары кениндеги «Zhong Ji Mining Company» тоо-кен компаниясынын ишмердүүлүгү 7-августта убактылуу токтотулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты