«​Массалык мушташка шектүүлөр кармалсын!» дешет митингчилер

  • 5 лет мурун

Массалык мушташка шектүүлөр жана мушташ болгон жерден шектүүлөрдү калкалап алып кеткен милиция кызматкерлери жазасын алсын деп талап кылып, жабыркагандардын жакындары жана тарапташтары Бишкекте бүгүн, 5-сентябрда, Ак үй алдына митингге чыгышты.

Бишкекте Ахунбаев жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде мушташтын күнөөкөрлөрү кармалып, жазасын алышын митингчилер талап кылышты.

Митингге сабалган балдардын туугандары жана тарапташтары катышты.

Алар Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин отставкасын жана кылмышка шектүүлөрдү кое берген милиция кызматкерлерин жазалоону талап кылышты.

-Жакында ИИМдин үч кызматкери кызматтан кетти деп билдиришти. Дагы 2-3 кызматкер жазаланды дешти.

Шектүүлөр кызматтан эле бошотулбай, жазасын да алып, жоопкерчиликке тартылсын. Бул ишти президент жана премьер-министр көзөмөлүнө алсын. Эмнеге ушул убакка чейин Жаныбек Бапышев менен Калыс Сейитбековду кармашпайт? –деди митингге катышкандардын бири.

Сабалгандардын туугандары балдардын абалы оор экенин билдирди.

Прокуратура маалымдагандай, 28-августта Бишкек шаарынын ИИБине жаш балдар мушташып жаткандыгы тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери шектүүлөрдү кармабай, алардын качып кетишине жол берген. Себеби шектүүнүн бир тууганы Чүй ИИБде иштеген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси, кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана 348-берене, кылмышты жашыруу боюнча иш козголгон.

Митингчилерге толук маалымат берүү үчүн Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын имаратына чакырды.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Видеону абайлап көргүлө, зомбулук!

Видео: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты