​Депутат Рыспаевдин «Ачык саясат» гезитине 300 миң сомдук доосун шаардык сот күчүндө калтырды

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевдин «Ачык саясат плюс» гезитине койгон 300 миң сомдук доосун шаардык сот күчүндө калтырды.

Бул тууралуу басылманын баш редактору Назгүл Мамытова билдирди.

«Кожобек Рыспаев Октябрь райондук соту аркылуу «Ачык саясат плюс» гезитин 300 миң сом доого жыккан.

Бүгүн Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Сөз эркиндигине кайдыгер карабаган жарандардан жардам суроого мажбур болуудабыз. Биздин редакциянын депутатка 300 миң сом төлөп берүүгө мүмкүнчүлүгү жок» деди Назгүл Мамытова.

Рыспаев басылманын 2018-жылы августта «Кожобек Рыспаевди иттен чыгарып коюшту» деген макаласы боюнча «ар-намысыма шек келтирди» деп ушул жылдын февраль айында Октябрь райондук сотуна кайрылган. Ал материалда депутаттын позициясы тууралуу сөз болгон.

24-майда Октябрь райондук соту “Ачык саясат” гезитин Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

Гезит 2011-жылдан бери чыгып келет.

Кыргызстанда саясатчылар массалык маалымат каражаттары менен соттошкон учурлар көп.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты