Нарындын Кеңеш айылындагы мектеп долбоору мамлекеттик экспертизадан өтүүдө

  • 5 лет мурун

Нарындын Кеңеш айылындагы К. Абиров атындагы мектептин долбоору мамлекеттик экспертизадан өтүүдө.

Бул тууралуу архитектура, курулуш, турак-жай жана коммуналдык-чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.

Агенттиктин айтымында, Кеңеш айылындагы мектептин долбоорлоо-сметалык документтери республикалык бюджеттин эсебинен 2018-жылы башталган.

Долбоор мамлекеттик экспертизадан өткөндөн кийин объекттин акыркы сметасы такталат.

Мурда мектеп ашар жолу менен курулганын белгилеп кетүү керек, ал эки корпустан турат: 1-корпус-1973-жылы, 2-корпус 1990-жылы, ал 120 окуучуга эсептелген.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча 142 окуучу окуйт жана мектеп имараты авариялык абалда.

Кеңеш айылындагы меткептин окуучулары окуу жылын контейнерлерден куралган жайда башталганы коомчулук тарабынан сынга алынып келген. Активисттер мектеп курууга акча чогултуу демилгесин баштаган.

Өкмөт активисттерге ыраазылык билдирип, Кеңеш айылына мектеп кураарын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты