​АКШ: Сенаторлор Трампты тез арада Украинага жардам берүүгө чакырды

  • 5 лет мурун

АКШда республикачылар менен демократтардан турган сенаторлор тобу президент Дональд Трампка кат жолдоп, аны тез арада каржылык жардам катары Украинага 250 миллион доллар бөлүп берүүгө чакырышты.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Сенаторлор катта президенттик администрацияны Украинанын куралдуу күчтөрү үчүн «өтө маанилүү» болгон каржы жардамын тезирээк бөлүп берүүгө чакырышкан.

Алар 2014-жылы Крым жарым аралы аннексиялангандан кийин Вашингтондун Киевге берген жардамы украин аскерлеринин Орусия агрессиясынан коргонуудагы жөндөмдөрүн арттырууга мүмкүндүк бергенин белгилешти.

Айрым америкалык мыйзам чыгаруучулар Конгрессти украин-орус тирешинде Украинанын кызыкчылыктарын туруктуу коргоо боюнча жоопкерчилик алууга чакырышууда.

250 миллион доллар Украинанын коопсуздугун коргоого багытталган. Конгресс бул каражаттын 50 миллионун курал-жарак сатып алууга берген. Былтыр АКШ Украинага жардам катары танкага каршы Javelin ракеталарын жеткирген.

1-сентябрда Варшавада Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолуккан АКШнын вице-президенти Майк Пенс Вашингтон орус-украин чатагында Киевди колдоосун улантарын жана Украинанын аймактык бүтүндүгүн сактоо боюнча аракеттерине көмөктөшө турганын айткан.

Сүрөттө: украин аскерлери Javelin ракетаcын сынап жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты