Жээнбеков: «Өкмөт иштеши гана керек. Башка талап жок”

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-сентябрда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту.

Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы өкмөттүн социалдык оң жана терс көрүнүштөргө, күнүмдүк ар кыл чакырыктарга тез реакция кылып, тиешелүү чараларды ыкчам көрүшү зарылдыгын белгиледи.

Президент өкмөттүн негизги милдети — экономиканы өнүктүрүү, элдин жашоосун жакшыртуу экенин, ишке тоскоол болчу факторлор дээрлик жок экенин баса белгиледи.

«Өкмөттүн иштөөсү үчүн өлкөдө бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлиги өз ара конструктивдүү иштеп жатышат. Ошондуктан Өкмөт иштеш гана керек. Башка талап жок» деп баса белгиледи президент.

Премьер-министр экономика тармактарын өнүктүрүү, аймактык өнүктүрүү боюнча актуалдуу чаралар, санариптештирүү, инфраструктуралык жана агроөнөржай долбоорлорун ишке ашыруу боюнча аткаруучу бийлик органдарынын азыркы ишмердиги жөнүндө айтып берди.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты