Атамбаев чехиялык инвестордун ГЭС курарына ишенерин билдирди


Атамбаев чехиялык инвестордун ГЭС курарына ишенерин билдирди

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарындагы маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Ал Кыргызстанда ГЭСтерди куруу боюнча тендерден утуп алган чехиялык Liglass Trading CZ компаниясы менен келишимди түзүүгө шашпай туруш керек болчу дегендер чыгып атканын, Орусия менен ГЭС боюнча макулдашууну денонсациялоо туура кадам болгонун айтты.

Чехиялык инвестор Михаэл Смеликтин «Азаттык» радиосуна берген маегин көрүп, көптөгөн суроолорго жооп алганын, долбоордун ишке ашарынан шекшип жаткандар бар экенин, бирок анын жакшы жыйынтык берерине ишенерин кошумчалады. Анын айтымында, чехиялык компаниянын тегерегиндеги ызы-чууну бул долбоор ишке ашып кетеби деп чочулагандар чыгарып жатат. Ошондой эле долбоорду жок кылууга шашылбай, августтун аягына чейин күтө туруу зарылдыгын белгилеп, эгер болбой калса жаңы инвестор издейбиз деди.

Liglass Trading CZ компаниясы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу тендерде утуп алган. Курулуш тууралуу келишимдерге 10-июлда Бишкекте кыргыз өкмөтү менен аталган компания өкүлдөрү кол койгон. Мындан кийин чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты «Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат» деген макала жарыялап, бул фирмага өкмөттүн ишеним артканы кызуу талкуу жараткан.

​Өткөн аптада аталган компания ээси Михаэл Смелик «Азаттыкка» берген маегинде чех прессасындагы маалыматтарды четке кагып, өзү жетектеген ишкана белгисиз эместигин, калыбына келип туруучу табигый булактар тармагында иштөөдө 12 жылдык тажрыйбасы бар экенин маалымдаган.​

2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон эле. Ага ылайык, Орусиянын «Русгидро» компаниясы аталган эки энергетикалык объект курмак. Бирок бул жаатта иш үзгүлтүккө учурагандыктан 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган. Буга байланыштуу Кыргызстан Орусияга 37 миллион доллар бересе болуп калган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты