​Гүлмира Кудайбердиева билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 4-сентябрда, Гүлмира Кудайбердиева билим берүү жана илим министри кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.

Бул тууралуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жарлыкка кол койгонун Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кудайбердиева 2016-жылдан бери министр болуп иштеп келген. Ал башкарып турган учурда басылып чыккан окуу китебиндеги, айрым документтердеги каталар, тендерге байланыштуу бир топ сын-пикирлер айтылып келген.

Акыркы жолу Нарын районунун Кеңеш айылындагы окуучулардын контейнерде окуп жатышы коомчулукта абдан чоң талкууну жараткан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты