КТРК экс-жетекчиси Карыпбеков Путин чокусуна чыгып Путинге кайрылды (Видео)

КТРК мурдагы башчысы Илим Карыпбеков 1-сентябрда Путин чокусуна чыгып, Россиянын Президенти Владимир Путинге фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.

Ар ким эле чыга албаган, деңиз деңгээлинен 4451 метр бийиктеги Путиндин атын алып жүргөн чокуга 1-сентябрда, билим күнү чыгып жаткандыгына байланыштуу Илим Карыпбеков Путинден Кыргызстанга компьютер, видеокамера, санарип технологиясы менен камсыздалган класс ачууну сунуштады.

Чокуга чыгып бара жатып, Карыпбеков саатын сындырып алганынан улам Путинден саат белек кылууну да өтүндү.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты