​Өзбекстан элчисинин дипломатиялык миссиясы аяктады

  • 5 лет мурун

3-сентябрда Тышкы иштер министр Чыңгыз Айдарбеков Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидовду, анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Алар кыргыз-өзбек мамилелеринин эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, мамлекет башчылардын деңгээлинде мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты.

Жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууга, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын, эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн башчыларынын төрагалыгы астында чек арага жакын областтардын башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйындарын өткөрүүгө өзүнчө көңүл бурулду.

Сүрөт: Маалыамт департаменти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты