​Интеллектуалдык менчик укуктарын коргоонун мамлекеттер аралык кеңеш жыйыны өтөт

  • 5 лет мурун

6-сентябрда Интеллектуалдык менчиктин укуктук коргоо жана сактоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңештин (ИММАК) тогузунчу отуруму болуп өтөт.

Ал Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) тармактык кызматташуу органы болуп саналат.

Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сѳз катчысы Гүлбара Кудайбердиева билдирди.

Отурумга Армения, Беларуссия, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышат.

Анда интеллектуалдык менчиктин укуктарын коргоо жана сактоо маселелерине тийиштүү 13 актуалдуу маселе коюлган.

2018 -2019-жылдарда ИММАКтын мүчөлөрүнүн чечими боюнча ИММАКтын төрацымы болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) төрайымы Динара Молдошева шайланган.

Иш-чара Ысык-Кѳл облусундагы Булан-Сѳгѳттү айылы,«Аврора плюс» мейманканасында өтөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты