​Кыска метраждуу тасма үчүн «Мыкты кино долбоор» сынагы улантылат

  • 5 лет мурун

Кинематография департаментинин экперттик комиссиясы кыска метраждуу тасма үчүн «Мыкты кино долбоор» сынагын улантууну чечти.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Кинематография департаментинин эксперттик комиссиясынын 2019-жылдын 30-августундагы чечимине ылайык жаш кинематографисттерди колдоо үчүн “Мыкты кино долбоор” сынагына кыска метраждуу кинодобоорлорду кабыл алуу улантылат.

Кабыл алуу эрежеси:

Ойномо, даректүү жана анимациялык 30 мүнөткө чейинки убакытты камтыган долбоорлор кабыл алынат.

Сунуштоочу Кыргыз Республикасынын жараны болуусу зарыл.

Кинодолбоорлор кыргыз жана орус тилдеринде кабыл алынат.

Төмөндөгү талаптарга жооп бериши керек:

1. Синопсис 1-2 барак (кыскача мазмуну)

2. Сценарий

3. Билдирме (Автордун чыгарма аркылуу берейин деген ою, синопсис менен алмаштырбагыла)

4. Календарлык план

5. Бюджети

6. Кино долбоор берген режиссердун, сценаристтин биографиясы, атайын окуу жайын же режиссерлук курсту бүтүргөндүгү тууралуу документ.

7. Режиссердун фильмографиясы, эгер болсо, мурун тартылган фильминен трейлер, эл аралык кинофестивалдардан алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү.

8. Кыска метраждуу кинодолбоорлор үчүн, кино тармагында жетишкендиктери бар адистин, көркөм жетекчи болууга макулдук каты. Кинокомпаниянын же студиянын фильмографиясы.

Сценарий менен синопсистер, эл аралык форматта жазылуусу зарыл.Документтер толук болбосо кабыл алынбайт

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаменти.

Дареги: Бишкек ш., Логвиненко көч., 13, Ч.Айтматов атындагы Кино үйү.

Сурап билүү телефондору:+996 312 301042; факс: +996 312 301046,

е-mail: [email protected]

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты