Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноого шектүү кармалды

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарынывн Октябрь райондук криминалдык милиция кызматы Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноого шектүү кишини Каракол шаарынан кармады.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул факты боюнча тоноо беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү киши убактылуу кармоочу жайга камалды.

24 жаштагы Б.М. Каракол шаарында изин жашырып жүргөн.

Анын машинасынан далил буюмдар табылган.

Милиция кылмышка шектелгендердин калгандарын да издеп жатат.

Бул шектүү тууралуу маалымат билген же андан жабыркагандар төмөнкү телефон номурлары боюнча маалымат берип койсо болот: 0705102406, 0707355347 деди ИИБден.

Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер бөлүмүнө А.Д. аттуу жарандын 60 миң долларын жана зер буюмдарын 6-майга караган түнү беткапчандар тоноп кеткени тууралуу арыз түшкөн. Тонолгон жаран ырчы Мирбек Атабековдун апасы экени белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты