Эгемендик майрамыңыздар менен!

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-августта, Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында кыргызстандыктарды эгемендик күнү менен куттуктады.

«Урматтуу мекендештерим!

Баарыңыздарды бүгүнкү улуу майрамыбыз менен чын дилимден куттуктайм!

Эркиндик — ата-бабалардын каны менен кошо айланып, жаны менен кошо жашаган, муундан-муунга жеткен улуу дөөлөт.

Урпактан урпакка өтүп келген көөнөрбөс мурас.

Канча кылымдар өттү, канча муундар алмашты.

Канча өмүрлөр кыйылып, канжыгада баш кетти, найза учунда жан кетти…

Бирок, эркиндикти сүйгөн кыргыз жүрөгүндө, эгемендик деген үмүт өчпөй, эркиндик деген эңсөө жашап келди.

Жыйырма сегиз жыл мурда колго тийген көз карандысыздык — жараткандын буйругу менен азыркы муундун энчисине, биздин заманга туш келди.

Ошондуктан, бүгүнкү эгемендик — биздин гана энчибиз эмес.

Бул — ата-бабалардын кылымдар бою төгүлгөн канынын, энелердин жүз жылдар бою тамган көз жашынын баасы.

Түмөн муундардын тынбаган күрөшүнүн натыйжасы.

Бабалардын бизге калтырган аманаты, биз урпактарга жеткире турган милдет.

Ата-бабалар бизге бейиштей ажайып кооз жерди, акактай тунук сууну, таза абаны, аскадай бийик адеп-ахлакты аманат кылып кетти.

Манас бабабыз биримдиктин туу чокусун, ынтымактын бийик үлгүсүн, бир эл, бир журт болуп жашаган көп улуттун уюткусун мурас кылып кетти.

Ынтымагыбыз чың, биримдигибиз бекем болгондо күчтүү, гүлдөгөн мамлекет болдук, ааламга аты таанымал эл болдук.

Журттун ынтымагы, биримдиги жок болгондо — элибиз мамлекетин, эркиндигин жоготту, азып-тозду.

Тагдырдын татаал мезгилдеринде да, өз алдынча мамлекет болуу деген эңсөө өчкөн жок.

Мамлекеттүүлүк үчүн болгон күрөш тынган жок.

«Манас« эпосунда айтылгандай: „Түгөнгөн сайын түтөгөн, кырылган сайын күчөгөн“ журт болдук.

Мамлекеттүүлүгүбүздү чыңдадык, дүйнө өлкөлөрүнүн арасында өз ордубузду бекемдедик.

Эгемендиктин, мамлекеттин ээси — эл.

Бүгүн — элибиз үчүн, мамлекетибиз үчүн, эң ыйык, эң улуу күн!

Урматтуу мекендештерим!

Биз бабалардан калган эркиндикти, көз карандысыздыкты, мамлекеттүүлүктү гана эмес, урпактарга өнүккөн мамлекетти, гүлдөгөн жерди, дени сак, билимдүү, заманбап коомду калтырышыбыз абзел.

Саясат менен ашкере алектенүүнү азайтып, экономикалык жана социалдык актуалдуу маселелерди чечүү — биздин милдетибиз.

Баарыбыз жапа тырмак жаратмандыкка багыт алуубуз зарыл.

Буга чейин башталып, саясий себептер менен солгундап калган реформалар кайра жанданат, күчтөнөт.

Элдин үнүн угуп, журттун талабын аткаруу үчүн, жүрүп жаткан реформаларга жаңы дем беребиз.

Сот-укуктук адилеттигин, мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, аймактардын өнүгүүсүн, өлкөнү санариптештирүүнү камсыз кылууда конкреттүү жыйынтыктарга жетебиз.

Экономикада, билим берүүдө, саламаттыкты сактоодо, коопсуздукту камсыз кылууда, демократияны бекемдөөдө жаңы демилгелер ишке ашырылат.

Кеменгер элим, кадырлуу журтум!

Эркиндикти, калыстыкты туу туткан мекендештерим!

Алдыга койгон максаттарга жетүү үчүн — бийликтин тазалыгы аба менен суудай керек.

Бийлик таза болсо — эл аны дайыма колдойт.

Тилекке каршы, чейрек кылым ичинде, бийлик бутактарындагы коррупция — улуттук трагедияга тете көйгөй болуп калды.

Бийлик — элге кызмат кылуунун, өлкөнү адилет башкаруунун эмес, байлык жыйноонун булагына айланган.

Таза, абийирдүү бийликти бышыктап, мамлекеттик бийликтин таза болушун камсыз кылуу зарыл.

Кыраакы элибиз байыртан эле бийликтин кадырын, баркын тазалык менен калыстык аркылуу баалап кел¬ген.

Бийлик өзү таза болбой туруп, тазалыкты башкалардан талап кыла албайт.

Ошондуктан, өз милдетимди таза ниет менен, кынтыксыз аткарам деп, элимдин алдында дагы бир ирет баса белгилейм.

Эл даанышманы Калыгул олуя бүгүн жалпы элибиздин эсине салчу сөздү айтып кеткен экен.

«Ынтымагы жок элдин ырыскысы кем болот, биримдиктүү улуттун тапкан наны мол болот« деген.

Улуу көсөмүбүз — бардык улуттардын ынтымакта, биримдикте жашоосун көздүн карегиндей сактоону мурас кылып кеткен.

Коомдон ынтымак кетсе, журт бөлүнсө — бир кезде гүлдөп өнүккөн мамлекеттер чачырап, эли азып-тозуп, качкын болуп, ата-бабаларынан калган мурасын сактай албай, урпактардын убалына калып жатканын дүйнө тарыхынан көрүп жатабыз.

Ошондуктан, улуттук биримдигибизди, ынтымагыбызды бекемдеп, өлкө тагдырын, эл тагдырын баарынан жогору коюп, тынчтыкты көзүбүздүн карегиндей сактайлы!

Биз дүйнө атаандаштыгына туруштук берип, бир эл, бир журт болуп, урпактарга өнүккөн өлкөнү калтырууга милдеттүүбүз.

Ал үчүн „түндүк-түштүк“ деген түшүнүктү көңүлдөн гана эмес, көкүрөктөн, жүрөктөн жууп таштап, келечекти көздөй сапар алуубуз зарыл.

Залкар замандашыбыз Чыңгыз Айтматов айткандай, түндүк менен түштүгүбүз — куштун эки канатындай.

Экөө бирдей күүлөнгөндө гана бийиктиктерге жетебиз.

Кыргыз элинин жоопкерчилиги — өз айланасына өлкөдө жашап жаткан баардык улуттарды баш коштуруп, жалпы элдин биримдигин сактоо.

Тарыхтын татаал жолунда эчен сыноолордон өткөн элдин урпактары экенибизди, кылым карыткан улуу тарыхка ээ экенибизди көкүрөктө бекем кармайлы.

Улуттук көрөңгөнү, намысты, абийирди, кадырды бийик туталы.

Урматтуу мекендештерим!

Бардар жашоо үчүн — колубуздагы мүмкүнчүлүк толук жетиштүү.

Ак менен караны ажырата билген көрөгөч, кеменгер, билимдүү жана эмгекчил элибиз бар.

Казынабызда көмүрдөн баштап, алтынга чейинки кен байлыктарыбыз бар.

Таза табиятыбыз, таза азык-түлүк өндүрө турган жерибиз бар.

Азыркы заманда стратегиялык мааниге ээ болгон эбегейсиз зор суу ресурстарыбыз арбын.

Эң негизгиси — кыргыз эли улут¬тук бийик рух, намыс, акылмандык менен улуу көчүн улап келет.

Азыр заман өзгөрдү.

Дүйнө экономикасынын жүзүн аныктаган жаңы илимий жана маалымат технологиялардын заманы.

Улуттук проблемалар менен гана алек болбой, дүйнөлүк чакырыктарга туруштук берүү муктаждыгы турат.

Биздин максатыбыз — заманбап коомдо, өнүккөн өлкөдө жашоо.

Ал үчүн адам потенциалын өнүктүрүү — мамлекеттин келечегин аныктаган негизги багыт болот.

Бакубат коому, адилет мамлекеттик башкаруусу, жаңыланган экономикасы, жакшырган социалдык чөйрөсү бар ийгиликтин өлкөсү болуу үчүн баарыбыз чогуу, чымырканып аракет кылалы” деди Президент.

Урматтуу мекендештерим!

Жараткан бизди мамлекеттүүлүгүбүзгө, эгемендигибизге, эркиндибизге жеткирди.

Ушул улуу дөөлөттөрдү, элдин ынтымагын, коомдун биримдигин, мамлекеттин бүтүндүгүн аздектеп сактайбыз.

Бабалардын калтырган аманатын урпактарга жеткиребиз.

»Өлкө тагдыры — менин тагдырым. Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок« деген ыйык түшүнүк эч качан эсибизден чыкпасын.

Өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн, келечек муундун жаркын жашоосу үчүн жан үрөп эмгектенели.

Жараткан колдоп, алдыга койгон асыл максаттарга чогуу жетели.

Акылман элибиз аман, ажайып жерибиз тынч болсун! эгемендигибиз кут болсун! Сүйүктүү мекенибиз — Кыргызстанды кудайым өзү колдосун!» деп куттуктады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты