Бишкектеги жаңы паркка активисттер эколог Эмил Шүкүровдун атын коюуну сунуштоодо

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарынын Түштүк магистралындагы жаңы ачылган паркка активисттер, экологдор жана журналисттер белгилүү эколог Эмил Шүкүровдун ысымын коюуну сунуштоодо.

Эми Шүкүров Кыргызстанда эле эмес, Борбор Азия жана КМШга белгилүү эколог болгон.

География илимдеринин доктору, биология илиминин кандидаты илимий даражасын коргогон. 2015-жылы Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп шайланып, бир жыл өтпөй мэриянын борбор калаадагы жашылдандыруу боюнча жүргүзгөн саясатына макул болбой, мандатын тапшырган.

Өмүрүнүн акыркы жылдары Кыргызстандагы экология боюнча маселелерди көтөрүп жүргөн.

Эмил Шүкүров жакында 81 жаш курагында кайтыш болгон.

Петицияга кол коюу бул жакта.

Бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков Түштүк магистралдагы жаңы парктын ачылышына катышып, паркты «Ынтымак» деп атоону сунуш кылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты