​Сооронбай Жээнбеков: «Биз Бишкекке жашыл шаар деген аталышын кайтарып беребиз»

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 30-августта, Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы Ч.Айтматов проспектиси менен А.Масалиев көчөсүнүн кесилишинде жаңы сейилбак ачылды.

Анын ачылышына Президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

«Борбор калаадагы курулуш саясаты толугу менен кайрадан каралып чыгат, өзгөчө көңүл ирригациялык система, сугат арыктарына бөлүнөт. Мындан тышкары биз мыйзамсыз ээлеп алган парк жерлерин шаарга кайтарып алуу боюча жумуштарды улантабыз» деп баса белгиледи Жээнбеков.

Мамлекет башчы ошондой эле шаардын жогору жагындагы жерлерге шаардыктар үчүн эс алуучу, спорт менен машыгуучу жана сергек жашоо образын колдоочу ден соолукту чыңдоо, спорттук комплекстерди, бизнес-борборлорду ж. б. инфраструктураны куруу боюнча пландары менен бөлүштү.

«Жалпы аракеттер менен биз ага кооз, жашыл келбетин кайтарып беребиз» деп белгиледи Жээнбеков.

Бул паркты курууга капсула 2019-жылдын апрель айында салынган.

Сүрөттөрү: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты