​Дем алыш күнүнөн улам унаа салыгын төлөө мөөнөтү 2-сентябрда аяктайт

  • 5 лет мурун

Унаа салыгын төлөөнүн акыркы күнү дем алыш күнүнө туш келгендиктен, бул салыкты төлөө мөөнөтү дүйшөмбү күнү, 2-сентябрда аяктайт.

Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Ушул эле күнү турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер (үй алдындагы, короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) салыктарын да кабыл алуу аяктайт.

Эскерте кетсек, салык органдары кезметчилик графигине ылайык 2-сентябрга чейин, анын ичинде дем алыш жана майрам күндөрү да иштешет.

Салыктарды айрым банк мекемелеринин кассаларынан, төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет банкинг аркылуу төлөөгө болот.

Кеңири маалыматты 1240 телефон номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты