Ташкентте соода борборундагы кыйроодон төрт киши каза тапты

  • 5 лет мурун

28-августта Ташкентте курулуш жүрүп жаткан «Riviera» соода комплексинде металл конструкция кыйрады. Анын кесепетинен төрт курулушчу мерт болду, экөө жаракат алды.

Бул тууралуу Өзбекстан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргенин Борбор Ази жаңылыктар кызматы кабарлады.

Министрлик калган маалыматтар кийинчерээк берилерин кошумчалаган.

Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, «Riviera» соода борбору Ташкенттин Алмазар районунда курулууда. Металл конструкция 28-августта чак түштө кыйраган. Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилери да келген.

Жаракат алган эки киши республикалык тез медициналык жардам көрсөтүү илимий борборуна жеткирилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты