​7-8-августтагы Кой-Таштагы кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү

  • 5 лет мурун

7-8-августта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү.

Тиешелүү чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик комиссияга бир айлык мөөнөттө кырдаалды иликтөө жана Жогорку Кеңешке маалымат берүү үчүн корутунду даярдоо тапшырылды.

Мамлекеттик комиссия төрагасы- вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, төраганын орун басары — ЖК депутаты Бакытбек Райымкулов.

Комиссия курамына макулдашуу боюнча ЖК депутаттары Баатырбек Алмазбеков, Жаныбек Бакчиев, Абдыбек Дүйшалиев, Талант Мамытов, Бакирдин Субанбеков, Тынчтык Шайназаров ж.б. киргизилди. Ошондой эле Артур Медетбеков, Исмаил Исаков, Кубат Кожоналиев, юстиция министри Марат Жаманкулов, Турсунбек Акун, Алишер Мамасалиев ж.б. кирди.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болду. Атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 45 кишиге жетсе, кийин алардын саны 136 адамга жеткен. Атайын отряддын бир жоокери каза тапкан.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты