Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов кол чабуулар менен үй камагына чыгарылды
- 5 лет мурун
Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Өзгөчө кырдаалдар мурдагы министри Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш иши бүгүн, 29-августта, саат 14:00 дө Биринчи май райондук сотунда жабык каралды.
Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды.
21-августта Жогорку сот жаны ачылган жагдайларга байланыштуу кылмыш ишин кайра кароого жиберген.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылдын башында орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылдан түрмөгө кесилген.
Муну бөлүшүү