​Кытай опера театрынын артисттери Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды

Жаңылыктар

«Манас» эпосун жайылтууга кошкон салымы үчүн Кытайдын Борбордук опера театрынын бир катар артисттери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Даңк» медалы менен Кытайдын Борбордук опера театрынын солисттери Ли Шуан, Юй Цзинжэнь ,Яо Хун сыйланды

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен: аталган театрдын артисттери Го Чэнчэн, Гэн Чжэ сыйланды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

ЖаңылыктарКытай опера театрыКыргыз Республикасымамлекеттик сыйлык