​“Манас” эпосу жана азыркы кыргыз-кытай мамилеси

Аналитика

“Кытай менен Кыргызстанда бир эле эпикалык салттуу оозеки мурасты эки башка чечмелеп келишет. Кыргыз жана кытай версияларынын эки башка экендиги тарыхты кыргыз менен кытай чатакташкан, атаандашкан эл катары түшүнүүгө алып келүүдө”, - деп белгилейт эл аралык мамилелер боюнча адис Саламат Жабыкеев өзүнүн Cabar.asia аналитикалык порталындагы макаласында.

Макаланын кыскача баяндамасы:

  • Кытай элдик Республикасы менен Борбордук Азиянын өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен мамлекеттер аралык мамиленин өнүгүүсүнө бул өлкөлөрдөгү элдин маданий деңгээлинин бири бирине туура келбегени дагы таасирин тийгизет.
  • КР менен КЭРдин жарандарынын бири-биринин тарыхын жана маданиятын жеткиликтүү деңгээлде билбегендиги өз ара түшүнүшүүгө жана ишеним артууга тоскоолдук жаратууда.
  • Буга эң эле негизги мисал, кыргыз элдик “Манас” эпосунун эки элде эки башка чечмеленишин айтсак болот.
  • Эпостун кыргыз жана кытай тараптагы чечмеленип жаткан маанисинде так эместиктер бар, бул тарыхий материалдын чабал пайдаланганына жана лингвистикалык анализдин жакшы деңгээлде жүргүзүлбөгөнүнө байланыштуу.

Бул макаланы жазууга жакында эле өткөн кыргыз-кытай эксперттик коомчулугунун жолугушуусу түрткү болду. Бул жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын эки тараптуу кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери “эл-эл” форматында талкууланды.

Борбордук Азиядагы кырдаалды талдап жатып, кытай эксперттеринин бири бул чөлкөмдөгү өлкөлөр менен Кытайдын ортосундаы инвестициялык, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүүгө элдин арасындагы антикытай маанайы тоскоолдук жаратып жатканын айтып өттү. Анын пикиринде, “кытай коркунучуна” байланышкан негизсиз кооптонуу Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тарыхын бурмалап түшүнүүгө дагы байланыштуу.

Кытай кесиптешибиз Кыргызстан боюнча айтканда “Манас” элдик эпосунда кыргыздардын эң башкы тарыхий душманы катары кытайлардын аталышы конкреттүү мисал болорун айтты.

Кытайда кабыл алынган расмий версия боюнча эпос 15-17-кылымдарда, “кичи монгол” жана жунгар жүрүштөрүнүн учурунда пайда болгон. Ошондуктан, кыргыздардын эң башкы душманы жунгарлар болуп саналат. Кытай тарап эпосту мына ушундай чечмелеп муну бардык маданий тармактарда жайылтып келет. Мисалы, Кытайдын Борбордук опералык театры койгон дүйнөлүк белгилүү “Манас” операсынын сценарийинде дагы чагылдырылган.

Ал эми Кыргызстандын коомдук жана маалымат талаасында “Манас” эпосун такыр башкача кабыл алышат. Бул жакта Манастын жана жалпы кыргыз элинин эң башкы душманы катары кытайларды (хандыктарды) эсептешет.

Мына ушинтип Кытай менен Кыргызстанда (кененирээк алганда Борбор Азияда) бир эле салттуу эпикалык оозеки мурасты эки башка чечмелеп келишет. Кыргыз жана кытай версияларынын эки башка экендиги тарыхты кыргыз менен кытай чатакташкан, атаандашкан эл катары түшүнүүгө алып келүүдө.

Мындай жагдай жаралганда улуу немис акыны жана ойчулу Иоганн Вольвганг Гёте “Акыйкат эки карама-каршы пикирлердин ортосунда экенин айтып келишет. Бул туура эмес. Экөөнүн ортосунда көйгөй бар” деп айткан экен.

Менимче, эки көз караш дагы – кытайдыкы дагы, кыргыздыкы дагы тактоону талап кылат. Макалада мен бул боюнча өз оюмду бөлүшөйүн дедим. Бул материал эпоско болгон кызыгууну, билимди эле жогорулатпастан кыргыз-кытай мамилесинде өз ара түшүнүүгө дагы салым кошот деген үмүттөмүн.

Кытайлыктардын чындыгы

“Манас” эпосунун сюжеттик маанисин кытай тараптын чечмелөө логикасын түшүнүү анчалык кыйын эмес.

Биринчиден, бүгүнкү күндө кыргыздар менен кытайлыктардын (хандыктардын) ортосундагы душмандашуу болгонуна негиз бере турган маалыматтар кытайдын ачык булактарында жок.

Кытайдын жарык көргөн хроникаларында бүгүнкү күндө эки элдин ортосунда кандайдыр бир чатакташуу, принципиалдуу карама-каршылык болбогону жазылган.

Мындан улам биз кытай кесиптешибиздин бул нерсеге түшүнбөй абдан таң калуу менен кабылдап, тынчсызданып жатканын түшүнсөк болот.

Экинчиден, Пекин бугүнкү күндө өзүнүн дүйнөнү өнүктүрүүнүн глобалдуу альтернативдик жолун “Бир алкак – бир жол” демилгеси менен сунуштап келе жатат. Мындай шартта Кытай аларды курчап турган башка өлкөлөр менен элдердин маданиятына болгон кызыгуусу мыйзамченемдүү көрүнүш. Ошондуктан, Кытай тарап кошуна өлкөлөрдү, Борбордук Азия өлкөлөрүн кошо байкап турат.

Синофобиянын өсүшү Кытайдын коопсуздугун жана өнүгүүсүн чектеген олуттуу фактор болуп калышы мүмкүн. Бул жактан мындай тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча Кытайдын “жумшак күчүн” байкасак болот.

Кыргыздардын чындыгы

Кыргыздардын позициясын түшүнүү үчүн төмөнкү түшүнүктөрдү эске алуу зарыл:

Биринчиден, кыргыз элинин тарыхы боюнча негизги менчик булагы – бул оозеки, бай элдик мурастар. Эгерде “Манас” эпосунун текстине көңүл бурсак, дароо эле композициялык түзүлүшү жана стили тарыхий баяндоо катары дагы, фольклордук чыгарма катары дагы көз алдыбызга келет.

Экинчиден, көп чет элдик изилдөөчүлөр, анын ичинде кытай изилдөөчүлөрү дагы эпосту орусча котормосу аркылуу изилдешет. Бирок илимде кайсы бир булакты толук жана объективдүү түшүнүү үчүн аны түп нускадагы тилинде окуп, таанышуу керек деген аксиома бар. “Манас” эпосунун кыргызча версиясында кыргыздардын эң башкы каршылаштары “кытайлар” жана “кара кытайлар” деп айтылат.

... чындык жакын жерде

Кыргыздардын “Манас” эпосунун реалдуу тарыхий экендиги шек жаратпайт. Ошол эле убакта эпостун пайда болуу убактысы боюнча баары кызыктырган суроого жооп бере турган жалпы кабыл алынган бир пикир жок.

Ошондуктан “Манас” эпосунун кыргызча версиясындагы кыргыздардын душмандарынын “кытайлар” жана “каракытайлар” деп аталышынан баштап иштөө керек. Бул жерде Рене Декарттын “сөздүн так маанисин аныктоо менен адамзатты көп адашуулардан куткарасыңар” деген сүйүктүү сөзүн келтирген туура болуп турат.

Кытайлар мамлекетин кытайча Чжунго деп атайт, бул “Орто мамлекет” дегенди түшүндүрөт, ал эми өздөрүн болсо ханьжэн (хандыктар) деп аташат.

Биздин заманга чейинки 221-жылы Цинь-Ши-хуандинин учурундагы Кытайдын биригүүсүнөн тартып бул өлкөдө Цинь династиясынан калган Чин деген аты пайда болду. Мына ушундан улам кыргыздар дагы башка түрк тилдүү өлкөлөр катары Кытай “Чин өлкөсү” (же “Мачин”) деп атап келет. Англис тилинде China деп аталып калганы дагы ушуга байланыштуу.

Чин өлкөсү менен катар эле эпосто Какан деген өлкө бар болгондугу баяндалат. Айрым учурларда эки өлкөнү Каканчин деген бир облуска бириктирет. Дал ошол Каканда легендарлуу Бейжин шаары жайгашкан, дал ошол шаардан Манастын башкы душмандары кара-кытайлар чыккан.

Башынан эле “кытай” этноними катары этникалык кытайлардан айырмаланган башка этнос экени белгилүү болчу. Байыртадан орто кылымдарда Улуу Кытай сепилинин түндүк-чыгыш тарабындагы жерлерде аскерий жарым көчмөн монгол тилдүү “китай” же “хитай” деген эл болгон. Кытайлар аларды “цидань” же “кидань” деп аташчу, ал эми түрк тилдүү элдер, анын ичинде кыргыздар аларды кытай деп аташчу. Ал эми орус тилдүү салтта аларды кидань деп айтышат.

10-кылымдын башында кидандар азыркы Монголиянын аймагынын чыгыш жана борбордук аймагын, азыркы Кытайдын түндүк-чыгыш аймагын жана Түндүк Корея аймагын ээлеп алышкан. Алар түзгөн чоң жана күчтүү держава дүйнөлүк тарыхка Ляо империясы (“Темир империя”) катары кирип, 200 жылдан ашык убакыт жашаган (907-1125 жж.).

Кидандар дайыма өздөрүнүн батыштагы кошуналарына түрк тилдүү элдерге, анын ичинде кыргыздарга дагы аскердик жүрүштөрдү жасап турушчу.

Кытайдын “Ляо Ши” (“Ляо династиясынын тарыхы”) тарыхий хроникасында 916-жылы жана 924-жылы кидандар батыш тарапка борбордук Монголияга жүрүш жасап, түрк тилдүү элдерди басып алганы жазылат. Энесай кыргыздарынын тарыхын изилдеген тарыхчылар “Улуу кыргыз державасынын” аякташы дал ошол 10-кылымдын биринчи чейрегине туш келерин белгилешет.

Сүрөттө: Кыргыз каганаты жана кидандар (9-кылым)

Кыргыздар дагы дал ошол кидандар тарабынан талкаланып, Саян-Алтайга айдалган болушу мүмкүн.Бул тарыхий чоң окуя “Манас” эпосунда баатыр Манастын чоң атасы кыргыздын Ногой ханынын кара-кытайдын ханы Эсенге жеңилиши катары чагылдырылган болсо керек.

Саян-Алтайдагы кыргыздардын жерине экинчи ири жүрүш 11-кылымдын биринчи чейрегинде белгилүү Элүй Даши тарабынан жасалган. Кидандар жана аларга союздаш болгон башка уруулар менен салгылашуу Чыңгызхандын дооруна чейин созулган.

Кыргыздардын жашоосунда ушунча узак убакытка созулган кидань фактору кидандар-кара-кытайлар эң башкы душман катары калыптанып калган.

Сүрөттө: Кыргыз каганаты жана кидандардын Ляо империясы (10-кылымдын ортосу)

Эки кылым жашаган Кидань империясынын учурунда кидандар жаңы маданий-турмуштук образ түзүшкөн, ал жакта кидандык-көчмөн элементтер менен бирге эле кытай элементтери дагы болгон. Мисалы, мамлекеттик башкаруу системасы, иш алып баруусу, диний ритуалдары кытайлардан алынган. Кидандар кытай маданиятын өзүнө алып, ошол эле учурда өздөрүнө мүнөздүү нерселерди дагы сактап калышкан. Кидандардын бул өзгөчөлүгүн көптөгөн синологдор, анын ичинде белгилүү британиялык тарыхчы-кытай таануучу Ч.Фицджеральд дагы бар.

Тиричилик боюнча алганда кидандар өз кийимдерин, салттарын, чач жасалгаларын ж.б. сактап калышкан. Бир эле мисал келтирели. Монгол тилдүү көчмөн элдердин- кидандардын, монголдордун, калмактардын, маньчжурлардын эркектери узун чач коеру белгилүү. Ал эми этникалык кытайларда (хандыктар) эркектер үчүн узун чач коюу жат нерсе болчу. Кытайда 1911-жылы манчжурдук Цин династиясы кулаганда бийликтин алынганынын символу катары бардык узун чачтарды кесишкен. “Манас” эпосунда кара-кытай баатырлары Коңурбай, Жолой, Нескаралар өрүлгөн узун чачтуу экени айтылат, ал эми Манастын жакын желдеттеринин бири кидандардан чыккан Алмамбетти “алтын чачтуу” деп аташат.



Кытайдын түндүк тарабында кидандардын-кара-кытайлардын узак убакытка ээлик кылып турушу алардын “кытай” (“хитай”) аталышы аларга баш ийген элдерге, анын ичинде этникалык кытайлыктарга (хандыктар) дагыполитоним болуп калган.

Мындай практика тарыхта көп кездешет. Мисалы, Түрк каганаты түзүлгөндө (552-657-жж.) “түрк” этноними евразиялык талаалардагы аларга баш ийген бардык көчмөн урууларга тиешелүү болуп калган.Алар кайсы этникалык улутка же урууга тиешелүү болбосун ирандар, араптар, византиялыктар аларды түрк деп аташкан. Рим империясынын доорунда “римдик” этноними адегенде Рим шаарынын тургундарына гана тиешелүү болсо, кийинчерээк Аппенин жарым аралынын жашоочуларына, андан кийин бүт империянын элине тиешелүү болуп калган. Биздин заманга жакыныраак мисалды айтсак, СССРдин жарандарынын баарын чет өлкөлүктөр “орустар” же “советтер” деп аташчу.

Ошондуктан кидандарга баш ийгендердин баарын кытайлар деп атап алардын мамлекети Кытай деп аталганы таң калычтуу эмес. Андан ары “Кытай” деген аталыш географиялык топоним катары көп тилдерге, анын ичинде орус тилине дагы кирген.

Таң калычтуусу, азыркы Кытай өзүнүн географиялык чектерине Цинь манчжур династиясын жана Юань монгол династиясын жеңгенден кийин ээ болгон. Этникалык кытайлар-хандыктар “Орто мамлекет” этноцентристтик парадигманын чегинде болушкан, буга ылайык, дүйнө географиялык жактан - Кытайга (Поднебесная) – борборго жана “варвардык” периферияларга (аймактарга) так бөлүнгөн.

Борбор жана аймактар дагы так чийилген, алмашылбай турган чектер менен чийилген.

Өзүнүн чек арасынан сырткары жакта кытай маданияты өзүнүн таасирин жоготуп, кытай эли жат “варвардык” маданияттын таасирине кабылган. Ошондуктан бул көз караштан алганда Кытайда өзүнүн чек арасын кеңейтүүгө эч кандай муктаждык болгон эмес.

Бул мамлекетти башкарган кытай эмес, “варвардык” династиялардын басып алууларынан улам Кытайда экспансионисттик, агрессивдүү мамлекеттин образы түзүлүп калган. Агрессивдүү, басып алуу саясатынжүргүзгөн Ляо империясынан улам кидандарды көчмөндөр менен кытайлар душман катары кабылдап калышкан.

Ляо империясы кулагандан кийин дагы көчмөн элдер бул жерди Кытай деп атоону уланта беришкен. “Кытай” топоними менен катар “Орто мамлекет” көчмөн түрк тилдүү элдердин, анын ичинде кыргыздардын кидандарга болгонтерс мамилесин дагы мурас катары кабыл алып калышкан.

Салттуу кытай тарыхын жазууда Кытай аймагында жашап турган башка элдердин династияларын дагы өздөрүнүкү катары эсептеши бул жагдайды ого бетер күчөтөт. Ляо кидань династиясынан башка чжурчжэн Цзинь, монгол Юань жана маньчжур Цинь диастияларын дагы мына ушундайлардын катарына кошууга болот.

Кидандар менен “Манас” эпосундагы кара-кытайлардын бир экени кара-кытайлар менен чогуу, монголдордун, манчжурлардын жана жунгарлардын (калмактардын) болушу дагы далилдеп турат. Кытай кесиптешибиз айткандай жунгарлар кыргыздардын башкы душманы болгон болсо, анда эпосто аларды кайра өзүнчө аташтын зарылчылыгы болбойт эле.

Бул элдердин атынын аталышы боюнча карап көрсөк, алардын кыргыздар менен кагылышынын кезектерин түшүндүрүүгө болот.

Тагдырдын тамашасы менен азыркы Кытай өз атын баскынчы этностун атынан мурастап калган.

Эмне үчүн фактылар бурмаланган?

Бул 1950-жылдардын аягы 1960-жылдардын башындагы совет-кытай мамилесинин начарлашынан улам болуп жаткан болушу мүмкүн деген пикир бар. Бул версиянын тарапташтары Советтер Союзунун учурунда антикытай маалыматтык кампаниясы жүрүп “Кытай” терминин атайын ушундай мааниде талкуулашкан деген ойдо.

Бирок, менин оюмча, эң башкы себеп лингвистикалык фактор болсо керек.

Жогоруда айтылгандай, “Манас” эпосунун учурундагы сүрөттөлгөн тарыхий окуяларда “кытай” деп кыргыздар кидандарды жана алардын державасын атаган, ал эми азыркы Кытай мамлекетинин хан элин Чин эли деп атаган.

Эпос башка тилдерге, анын ичинен орус тилине которулуп баштаган учурда “Орто мамлекетке” “Кытай” деген ат бекип калган болчу. Ошондуктан, которуу учурунда кидандар (кара-кытайлар) менен кытайлар (хандыктар) алмашып калган. Ошону менен “Манас” эпосунун бардык орус тилдүү варианттарында кидандар кытай деп аталып жүрөт.

Изилдөөчүлөрдүн кийинки муунундагылардын баары бул эпосту орусча котормосунан иликтеп калышкан. Орус тилинде эки этностун дагы – кидандар жана кытайлар аталышы бар. Ал эми азыркы кыргыз жана башка түрк тилдүү топтордун тилдеринде кидандар, Кидань мамлекети жана азыркы кытайлыктар менен Кытай – кытайлар жана Кытай деп окшош аталып калган.

“Кытай” этнониминин баштапкы мааниси башка экенин көптөр биле бербегени көйгөйдү жаратат. Муну тар чөйрөдөгү тарыхчы-чыгыш таануучулар, лингвисттер эле билип, кеңири чөйрөгө тарала элек.

Жогоруда айтылгандарга таянып, бир канча жыйынтык чыгарууга болот.

Биринчиден, кыргыз элинин “Манас” эпосу кыргыз-кытай эки тараптуу мамилесинде эң белгилүү факторлордун бири экенин Манас баатырдын башкы душмандарын аныктоо маселеси далилдеп турат.

Экинчиден, Манас баатырдын душмандары деп Кыргызстанда кытайларды жана Кытайда жунгарларды эсептегени туура эмес жана так эмес маалымат. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жана Кытайдын коомдук, маалыматтык жана илимий аянтчаларында “Манас” эпосун түп нускасындагы маанисин изилдөө муктаждыгы жаралды.

Үчүнчүдөн, бул көйгөйдүн келип чыгышы лингвистикалык мүнөздөгү жагдайлар жана инерциялык кабыл алуу эффектиси менен түшүндүрүлөт.

Төртүнчүдөн, спекуляцияга Борбордук Азия менен Кытайдын түндүгүндөгүкөчмөндөрдүн 10-11-кылымдардагы тарыхынын жеткиликтүү деңгээлде изилденбегени жем таштап жатат. Анткени, дал ошол учурдагы тарыхий окуялар эпосто баяндалат.

Белгилүү орус тарыхчы-көчмөн таануучулар Н.Крадин жана А.Ивлиевдердин айтымында, Ляо империясынын алгачкы жылдарында кидандаркытай үлгүсүндөгү жазууларды дайыма колдонушкан эмес. 991-жылдан кийин гана кидань императорлорунун сарайларында тарых жазуучу кызматтары пайда болгон. Бүгүнкү күндө Кытайдын 24 расмий династиялык хроникасынын бири болуп саналган “Ляо Ши” (“Ляо династиясынын тарыхы”) кидань тарыхы боюнча негизги жазма булак болуп саналат. Бирок “Ляо Ши” 1344-жылы, тагыраак айтканда, бул династия жашаган учурдан 200 жылдан кийин гана жазылган.

Бешинчиден, азыркы учурда өткөн замандын тарыхын изилдөө илимде материалдык ыкма басымдуулук кылат. Сакталып калынган маданиятты материалисттик кабыл алуу тарыхий изилдөөлөрдөгү башка ыкмаларды чектеп коет, мисалы, философиялык ыкманы.

Алтынчыдан, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы сый, достук мамилени өнүктүрүү эки өлкөнүн тарыхы менен маданиятын деталдуу түрдө өз ара сыйлоо, объективдүүлүк, детерминизм принциптерин эске алуу менен изилдөөдөн көз каранды. Ошол эле учурда тарыхий фактыларды бири-биринин пайдасы үчүн чечмелөөдөн дагы алыс болуу керек.

“Манас” эпосундагы бул саналып өткөн учурларды кайрадан талкуулап чыгуу Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы конструктивдүү кызматташууга таасирин тийгизет. Эки өлкөнүн окумуштууларынын алдында кыргыз элинин оозеки тарыхий салтын, кытайлардын жазма булактарын изилдөө боюнча жана кидань мамлекети Ляо жайгашкан аймактарда археологиялык изилдөө жүргүзүү боюнча чоң мүмкүнчүлүктөр турат.

Андай кылбаса, “Манас” эпосундагы сюжеттер туура эмес түшүнүлүп, тарыхий учурлар жеткиликтүү деңгээлде талкууланбай кыргыз-кытай мамилесинде дайыма түшүнбөстүк менен шектенүү боло берет.

Ишеним болбогон жерде Кыргызстан менен Кытай элинин ортосунда бекем жана түбөлүктүү мамиле түзүү мүмкүн эмес.

“Тарых – бул өткөн замандын саясаты, ансыз азыркы саясатты түшүнүүгө мүмкүн эмес” деп бекеринен айтылбаса керек. Бул сөздүн мааниси азыркы учурда бизге актуалдуу болуп турат.

Саламат Жыбыкеев

АналитикаМанас эпосуКыргыз-кытай мамилеси