«Дарак ыры» тарыхый мюзикли 31-августта КТРКда көрсөтүлөт

Жаңылыктар

“Дарак ыры” кино дастан, тарыхый мюзикли Эгемендик күнүндө, 31-августта КТРК каналы аркылуу көрсөтүлөт.

Бул тууралуу “Ала-Тоо 24” билдирди.

“Дарак ыры” мюзиклинин өткөн жылы бет ачары көрсөтүлгөндөн бери эл аралык конкурстарда байгелүү орундарга татыктуу болуп келе жатат.

Фильм Кочкор жергесинде тартылып, тарыхый биринчи мюзикл болуп калды.

“Дарак ыры” КТРКда 31-августта саат 22:00дө көрсөтүлөрү айтылды.

Сүрөт: Фильмден.

Жаңылыктар"Дарак ыры"мюзиклКТРК31-август