Казакстан Кыргызстандан электр энергия сатып алуудан баш тартты


Казакстан Кыргызстандан электр энергия сатып алуудан баш тартты

Кыргызстандан Казакстанга электр энергиясын жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктаган. Бул тууралуу Кыргызстандын “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун сайтында кабарланды.

Компания белгилегендей, быйыл Токтогул суу сактагычында ашыкча 1,5 млдр кВт/саат электр энергиясын өңдүрүүгө жеткидей суу топтолоору болжолдонгон. Мындан улам “Электр станциялар” ишканасы Казакстан жана Өзбекстанга электр жарыгын жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында 16-июндан тарта 1 кВт саат электр энергиясы Өзбекстанга 2 центтен сатылып жатат. Бул макулдашуу ушул жылдын октябрь айына чейин созулат. Ага ылайык, кыргыз тарап коңшу өлкөгө 1,25 млрд кВт/саат электр энергиясын экспорттойт.

Бирок, бул экспорттоо Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн тийиштүү деңгээлде азайтууга жардам бере албайт. 12-июлдан тарта суунун ташып кетүү тобокелчилигинин жоюу үчүн Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон ГЭСтеринде сууну техникалык агызуу иштери жүрүп жатат.

“Электр станциялары” ишканасы суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу үчүн аны экспорттоо маселесин быйыл февралда талкууланган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты