​NYT: Кытай чет элдик тыңчыларды LinkedIn аркылуу тартууда

  • 5 лет мурун

Кытай атайын кызматтары чет элдик тыңчылар менен мурдагы мамлекеттик кызматкерлерди өзүнө тартуу үчүн LinkedIn социалдык түйүнүн колдонууда.

Бул тууралуу The New York Times гезити америкалык жана чет элдик чалгындагы өз булактарына таянуу менен билдирди.

Гезиттин кабарлашынча, акыркы жылдары мамлекеттик институттардын кызматкерлери Кытайдан кирешелүү жумуш иштөөгө чакыруу алышкан. Өз булактар алар тыңчылык кызмат үчүн чакырылган болушу мүмкүн экенин белгилешкен.

The New York Times акыркы убакта АКШда тыңчылык үчүн жоопко тартылгандар көбөйгөнүнө көңүл бурган.

Быйыл жазында Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) мурдагы кызматкери 20 жылга соттолгон. Чет элдик басылмалардын билдиришинче, анын Кытай менен кызматташтыгы LinkedIn аркылуу башталган.

LinkedIn компаниясынын жетекчилиги күмөндүү аккаунттар менен атайын бөлүк иш алып барып жатканын билдирди. Ал ар кыл, анын ичинде мамлекеттик булактардан маалымат топтоодо.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты