​Тергөө Курсан Асановдун уулу Мухамед-Али Асановго издөө салат (Видео)

Аскер прокуратурасы тарабынан мурдагы ички иштер министри Курсан Асановдун 7-8-августтагы мыйзамсыз иштери иликтенип жатат. Тергөө Курсан Асановдун далил буюмдарды Атамбаевдин тарапташтарына өткөрүп берүүгө катышкандыгын аныктады. Ошондой эле Асановдун уулу Мухаммед-Али Асановго издөө салынды.

Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, тергөө Курсан Асановдун буюм түрүндөгү далилдерди, документтерди мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнөн өзүнүн жансакчысы Пайзылда уулу Дамирбек аркылуу алып чыгып кеткендигин аныктаган.

Пайзылда уулу 8-августта саат 21:00- 21.15 убакыт аралыгында Курсан Асановдун көрсөтмөсү менен жогоруда аталган далил буюмдарды Асановдун уулу Мухаммед-Али Асановго Атамбаевдин тарапташтарына өткөрүү максатында берген.

27-августта Курсан Асановго Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси боюнча кылмышка шектелип жаткандыгы тууралуу маалым кат берилген.

Ошол эле 27-августта аталган кылмышка кошо катышты деп шектелип, 1997-жылы туулган Мухаммед-Али Асановго сыртынан баш коргоо чарасы тандалып, издөө жарыяланган.

Андан мурда, 23-августта, Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына далил буюмдарды берүүгө катышкандыгы үчүн Дамирбек Пайзылда уулун 23- октябрга чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алган.

Тергөө бул ишке тиешеси бар кишилерди аныктап-иликтөөнү улантып жатат.

Ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асанов 13-октябрга чейин үй камагында болот.

Курсан Асановдун адвокаты Икрамидин Айткулов 22-августта алдамчылык боюнча шектелип камакка алынып, кийинчерээк 21-октябрга чейин үй камагында калтыруу чечими чыккан.

Ал кездеги Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов 7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда министрдин талаптарын жана көрсөтмөсүн укпай, өз алдынча чечим чыгарган деп айыпталган.

13-августта ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен кызматтан бошотулган

ИИМдин басма сөз кызматы кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен Курсан Асанов милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн ИИМдин орун басарлык кызматынан бошотуу тууралуу сунуш берилгендигин билдирген.

Ал эми министрдин мурдагы орун басары өзүнүн кызматтык милдетин аткарганын айтып келет.

Видео:Баш прокуратура

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты