​Өзбекстан: Камактагы 65 кишиге ырайым берилди

  • 5 лет мурун

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн эгемендик күнүнүн алдында камактагыларга ырайым берүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары билдирди.

Жарлыкка ылайык, 65 жаранга ырайым берилет. Алардын ичинен 17 киши жазадан толук бошотулса, 13ү шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарылат. Мындан тышкары 20 жарандын жазасы жеңилдетилип, 14 кишинин жаза мөөнөтү кыскартылат. Дагы бирөө жатак абакка чыгат.

Акыркы үч жылдын ичинде Өзбекстанда жети жолу мунапыс жарыяланып, жалпысынан 3 952 адамга ырайым берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты