Дүйшөнбек Зилалиев 30-ноябрга чейин камакта болот

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Өнөр жай, экономика жана кен байлыктарын иштетүү боюнча мамлекеттик комитетинин экс-жетекчиси, экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин соту улантылды.

Зилалиевдин адвокаттары анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранган.

Сот адвокаттардын өтүнүчүн канааттандырган жок. Дүйшөнбек Зилалиев 30-ноябрга чейин камакта болот.

Дүйшөнбек Зилалиевге Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш иши козголгон.

2010-2017-жылдары ар кыл жетекчи кызматтарда, анын ичинде КР Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору, вице-премьер, ошондой эле мамлекеттик мүлк фондунун директору болуп иштеп, расмий кирешесинен тышкары байлык топтогондугу боюнча айыпталууда.

Зилалиевдин банк эсебинде бир млн доллар бар экени аныкталган.

УКМК Зилалиевдин үйүн тинтүүгө алганда баалуу буюмдарды жана 3 млнго жакын сом, 100 миң доллар тапкан.

Кийинчерээк УКМК Латвиянын укук коргоо органдары Зилалиевдин жубайына жана балдарына «акчанын изин жашыруу» фактысы боюнча кылмыш ишин козгогондугун билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты