Бишкекте төө багуучулар уюмунун эл аралык конференциясы өтүүдө

  • 5 лет мурун

28-29 — августта Бишкек шаарында “Борбордук Азиянын төө багуучулугу: Тарыхый мурасы жана келечеги” аттуу эл аралык төөчүлөр уюмунун Борбордук Азия мамлекеттеринин I эл аралык конференциясы өтөт.

Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдады.

Конференция ICOнун башкы катчысы доктор Мубарак Аль Суалим (Сауд Арабия падышалыгы) жана ICOнун биринчи вице-президенти

Аскат Акибаевдин төрагалыгы алдында “Ала-Арча” резиденциясында өтөт.

Конференциянын максаты Борбор Азияда төө багуучулукту өнүктүрүү болуп саналат.

Иш-чарага КР Өкмөтүнүн өкүлдөрү, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик адистик уюмдары, ICO улуттук уюмдарынын өкүлдөрү, Сауд Арабиясы, Кыргызстан, Казакстан, Пакистан, Россия, Өзбекстан, Украина, Ооганстан, Индия, Кытай, Түштүк Корея, Монголия, Тажикстан жана Түркмөнистандын адистик бирикме, фермердик чарбаларынын жана коомдук уюмдарынын өкүлдөрү катышат.

Айта кетсек, 2019-жылдын 21-мартында Сауд Арабиясы Падышалыгында, Эр-Рияд шаарында дүйнөнүн 36 өлкөсүнүн уюм өкүлдөрүнүн катышуусу менен International Camel Organization (ICO) аттуу жаңы эл аралык уюму түзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты