​«Centerra Gold» кыргыз өкмөтү менен соттошуу токтотулганын билдирди

  • 5 лет мурун

«Centerra Gold» компаниясынын тараткан билдирүүсүндө буга чейинки кыргыз өкмөтү менен түзүлгөн стратегиялык келишимге ылайык, тараптардын «Кумтөр» долбооруна тийиштүү экологиялык соттук териштирүүсү токтотулганы кабарланды.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Макулдашылган стратегиялык келишимге ылайык, «Centerra Gold» компаниясы кыргыз тарапка экологиялык жана социалдык фонддорго ар кандай төлөмдөрдү төлөп берет.

Маалыматта стратегиялык келишим кыргыз өкмөтү менен мындан аркы кызматташтыкты күчөтүп, киреше табуу менен экологияны коргоодо натыйжалуу болору айтылат.

Буга чейин кыргыз өкмөтү «Centerra Gold» компаниясы менен стратегиялык келишим боюнча мунаса табылганын жарыялаган.

Анда буга чейинки каралган шарттардан тышкары «Centerra Gold» компаниясы тарабынан жаңы түзүлгөн Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна 5 млн. доллар өлчөмүндө бир жолку төлөм, андан соң 12 айдын ичинде дагы 5 млн. долларга бир жолку төлөм жана бул фондго айына «Kumtor Gold Company» компаниясынын 0,4% эквиваленттүү кирешеси чегерилээри айтылган.

Мындан сырткары Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 1 миллион доллар өлчөмүндө жыл сайын төлөм төгүлүп, Кумтөр кенинде эки жылдын ичинде 16 миллион доллардан кем эмес суммада геологиялык чалгындоо программаларын каржылоо жүргүзүлөрү макулдашылды.

Кыргыз өкмөтү Кумтөрдөгү экологиялык зыян үчүн канадалык «Centerra Gold» ишканасын 2013-жылдан бери сотко берип, миллиондогон доллар кенемте талап кылып келет.

Кумтөргө байланыштуу айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимге 2017-жылы Сапар Исаков премьер-министр болуп турган учурда кол коюлган. Анда «Centerra Gold» Айлана-чөйрөнү коргоо фондун түзүүгө 50 миллион доллар бөлүп, жыл сайын төлөнчү экологиялык төлөмдү 310 миң доллардан 3 миллион долларга көтөрүүгө макул болгон. Буга жооп катары кыргыз өкмөтү «Centerra Gold» компаниясына берген экологиялык доодон баш тартмак.

Бирок Сапар Исаковдон кийин кызматка келген Мухаммедкалый Абылгазиев «бул келишим өлкө кызыкчылыгына жооп бербейт» деп жаңы сүйлөшүүлөрдү баштаган болчу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты