​Атамбаевдин ишиндеги мүлктүн айрымдары камактан чыгарылды

  • 5 лет мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишиндеги камакка алынган мүлктүн 20 объектиси камактан чыгарылды.

Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

13-августта ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан криминалдык төбөл Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтөө учурунда, материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу өкүмүн аткаруу максатында Алмазбек Атамбаевдин жана анын туугандарынын 135 мүлк объектиси камакка алынган.

135 мүлк объектисинин тизмеси Маалыматтык технология башкы башкармалыгынын, Каттоо кызматынын алдындагы кадастр жана кыймылсыз мүлктү каттоо департаментинин маалыматтарынын негизинде түзүлгөн.

17-августта ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү учурунда жогоруда аталган мүлктү камакка алуу чечими Баш прокуратурага текшерүүгө жиберилген.

Башкы прокуратура териштиргенден кийин Алмазбек Атамбаевдин ишиндеги 20 мүлк объектиси камактан чыгарылган. Анын ичинде Жал кичи районундагы көп кабаттуу №77 үй, ошол үйдүн 18 квартирасы, ошондой эле “Телерадио уюм ассоциациясы” бирикмесинин юридикалык тараптары камактан чыгарылды.

Баш прокуратура Алмазбек Атамбаевге жана анын туугандарына таандык, мыйзамсыз тапкан же башкаларга жаздырылган, белекке берилген мүлктү иликтөөнү улантууда. Ал мүлктүн тизмеси коомчулукка кошумча маалымдаларын Баш прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иштерин тергөөнүн алкагында анын мүлкү, баалуу кагаздары, акциялары, Кыргызстандын банктарындагы эсептери камакка алынган.

Маалыматка караганда, мурдагы президенттин 25 банкта эсеби болгон. Мындан сырткары, Атамбаевге жана анын аялына, “Кыргызавтомашка”, “Апрель-ТВ” жабык акционердик коомдоруна тийиштүү делген банктык уячалары камакка алынды.

Башкы көзөмөл орган тараткан маалыматка караганда, беш автомобиль, төрт жер тилкеси (алардын экөө Кой-Ташта, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда), Кой-Таштагы ден соолукту чыңдоо борбору, турак үй, Арашандагы жайыт, Кой-Таш жана Арашанда көп жылдык дарактар отургузулган үч жер тилкеси мурдагы президентке караштуу экени аныкталган.

Ушунун бардыгына жана Раиса Атамбаевага караштуу үч автомашина, батир жана Бишкектеги жеке үй камакка алынды.

Камакка алынгандардын арасында “Кыргызавтомаштын” мүлкү, Ибраимов көчөсүндөгү үч батир, Матросов көчөсүндөгү 39 имарат, ушул эле көчөдөгү жер тилкелери, соода үйү, дүкөн, кеңсе, темир жолу жана Матросов көчөсүндөгү резервуар, 18 цех, 9 кампа бар.

Мындан сырткары, “Медиа Форум” ишканасынын мүлкүнө, Чолпон-Ата шаарынын курорттук аймагындагы бүтө элек эки объект, жер тилкеси камакка алынган.

Алмазбек Атамбаевге бир катар оор кылмыштар боюнча айып тагылууда.

Мурдагы президент Атамбаев 26-октябрга чейин УКМКнын абак жайында камакта болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты