​Кыргыз милициясы эгемендик күнүнө даярданууда

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 27-августта, Бишкек шаарынын эски аянтындагы Өкмөт үйүнүн алдында Бишкек гарнизонунун ички иштер органдарына саптык- тескеме өтүлдү.

Салтка айлангандай, анда ички иштер органынын кызматкерлеринин коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерин аткаруудагы даярдыгы текшерилди.

30-августтан баштап, 31-августтагы эгемендик күнүн майрамдоого, ошондой эле эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга байланыштуу ички иштер органдарынын өздүк курамы кызматын өтөөдө күчөтүлгөн тартипке өткөрүлөт.

Иш-чараларды өткөрүүдө ал жайларга жакын жерлерде ички иштер органдарынын атайын кызматтары ыкчам иш-чараларды жүргүзөт.

Саптык кароо-тескемеге ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, министрдин орун басарлары, ИИМдин борбордук аппаратынын, Бишкек шаардык, Чүй облустук башкармалыктардын жетекчилеринин катышуусунда өткөрүлдү.

Аянтта салтанаттуу жүрүш менен ИИМ структуралары салтанаттуу жүрүш менен өтүштү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты